Москва районунда майып балдар үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованы айтымында, иш-чара Москва районунун соцөнүгүү башкармалыгы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ден солугу чектелген 90 бала үчүн уюштурулду.
“Жаңы жылдык балатыга мектепке бара албаган балдар чакырылган. Алар дайыма бирөөнүн кароосунда болушат. Тилекке каршы оорулуу балдарын караган ата-энелер иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Андыктан келечекте пенсия ала албай калышат. Учурда министрлик бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Майып балдарын баккандыгы үчүн алардын иш стажы жүрүшү керек”,-деди ал.
Иш-чаранын аягында чакырылган балдардын барына белектер берилди.
Бишкек /Кабар/
28-декабрь 2016
http://kabar.kg/kyr/society/full/79391
Оставить комментарий