Дастан Бекешев. «Майыптыгы бар адамдардын эмгекке укугун ишке ашыруу көйгөйлөрү»

Дастан Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

 2008-жылы апрелде Кыргыз Республикасында “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу” мыйзам ишке кирген. Ал майыптыгы бар адамдар үчүн башка укуктары менен катар эмгекке жана жумушчу ордуна укуктарды кепилдик кылган. Майыптыгы бар адамдардын жумуш ордун ээлөө укугу квоталоо механизми аркылуу ишке ашат. Мыйзамга ылайык, 20дан кем эмес киши иштеген ар бир ишкана менчиктин формасына карабастан майыптыгы бар адамдар үчүн кызматкерлеринин штаттагы санынын 5%ынын өлчөмүндө квота бөлүүгө тийиш. Мындай норма Эмгек кодексинде да каралган. Иш жүзүндө болсо мыйзамдын бул нормасы иштеген жери жок.

Биринчиден, квоталоо механизминин өзү чалды-куйду жана ишке ашкыс. Квоталоо механизми болсо мына мындай: мамлекеттик эмгекке орноштуруу кызматынын органдары коомдук уюмдар менен биргеликте квоталоо нормативдерин иштеп чыгат да, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аларды бекитет. Андан соң мамлекеттик эмгекке орноштуруу кызматынын органдары бул нормативдерди жумуш берүүчүлөргө кийнки жыл башталганга чейин үч ай эрте билдирет. Квоталарды бекитүү механизми майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу мыйзам кабыл алынгандан берки 8 жыл ичинде бир да жолу кодонулган эмес. Ал гана эмес, жергиликтүү администрациялар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына квоталоо нормативдерин бекитүү боюнча милдет жүктөлгөн эмес.

Экинчиден, 5 пайыздык квота биздин өлкө үчүн жогорулатылган деңгээл. Мисалы, Түштүк Корея окшогон өнүккөн өлкөдө майыптыгы бар адамдар үчүн квота 2,8%. Алардын өлкөсүндө иш жүзүндө күн сайын жаңы ишкана ачылып турганын эске алуу керек. Россия Федерациясында квота штаттагы кызматкерлердин 4%ын түзөт, анан да ал ишканада адамдардын саны 100дөн жогору болушу керек.

Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу мыйзамдын аткарылышын текшерүү максатында мен майыптыгы бар адамдарды ишке алуусун суранып 74 ишканага кайрылдым. Компаниялардын көпчүлүгү терс жооп беришти же жооп бербей коюшту. Төрт гана ишкана майыптыгы бар адамдарды ишке алууга макулдук беришти.

Эмгек кодексин жана аракеттеги “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу” мыйзамды иштеп чыккандар биздин өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске албаганы айдан ачык. Мындан майыптыгы бар адамдарды эмгекке орноштуруу тууралуу мыйзамдарды кайра карап чыгуу керек деген тыянак чыгат. Атап айтканда: 1) квоталоо механизми жөнөкөй жана түшүнүктүү болушу керек; 2) квоталар азайтуу багытында кайра каралышы керек.

Майыптыгы бар адамдарыды ишке орноштурууга байланыштуу толгон башка көйгөйлөр да бар. Бул инфраструктуранын, имараттардын, коомдук транспорттун майыптардын кыймыл-аракети үчүн ылайыктуулугунун көйгөйү, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнүн көйгөйү (Брайл ариби менен басылган материалдардын, сурдокотормонун жоктугу), ошондой эле стереотиптерге байланышкан көйгөйлөр. Мисалы, майыптыгы бар адамдарды эмгекке орноштуруу боюнча эң ийгиликтүү долбоорду 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ишке ашырып, угуусу жана колу-буту боюнча майыптыгы бар адамдарды ар кандай маалыматтарды санарипке өткөрүү боюнча жумушка алды. Тилекке каршы, майыптыгы бар адамдардын баары эле Мамкаттоо кызматына ишке кире алган жок. Анткени анын имаратында майыптыгы бар адамдардын жүрүм-туруму үчүн шарттар (мисалы, дааратканалары курулуш нормалары менен эрежелерине ылайык келген эмес) жок эле. Демек бул, ар тараптуу мамиле жасоону талап кылган кеңири жана комплекстүү көйгөй болуп саналат.

Эмгекке орноштуруу маселесин кыска убакыт ичинде чечүү мүмкүн эмес экенин баарыбыз түшүнөбүз. Бирок ийгиликке жетүү үчүн баарыбыз биригип такай күрөшүп, аябай чыдап, талыкпай эмгек кылышыбыз керек.

29.11.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*