Лейлекте мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер унутта калып бараткан улуттук кийимдерди тигишет (фото)

Баткен облусунун Лейлек районунда мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер «Канзад» тигүү цехинде улуттук кийимдерди тигишет. Цехтин жетекчиси Замира Рахиеванын айтымында, учурда 8 тикмечи иштеп жатат.

«Биздин өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жумуш орундары түзүлгөн эмес. Андан улам атайын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тигүү цехин ачтык. Биз тиккен кийимдердин басымдуу бөлүгү улуттук кийимдер. Унутта калып бара жаткан чапандарды кайра иштеп чыгып, модалуу чапандарды тигип жатабыз», – деди З.Рахиева.

Мындан тышкары, бул цехте шырылган баштыктар (сумкалар) жасалып, кемселдер тигилет.

Turmush 

06.08.2016

http://www.turmush.kg/news:307673/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*