Түштүктө соттун үч имаратында майыптар үчүн жол ачылды

Жаңы курулган пандуска эң биринчи майыптыгы бар адамдар өтүштү

Кыргызстанда майыптыгы бар жана аз кыймылдуу адамдардын 87 пайызы өздөрүнүн конституциялык укуктары бузулган учурларда эч жакка кайрылышпайт. Кайрылышса да өздөрү сот процесстерине аз катышышат. Көбүнчө алардын кызыкчылыктарын адвокаттар, камкорчулар, туугандары же алардын өкүлдөрү коргошот. Бул жөнүндө “Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун  алкагында элдин аялуу катмарынын сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүгүн 2014-2015-жылдары изилдөөнүн жыйынтыгында айгинеленди. Буга   майыптардын бирден үч бөлүгүнүн өз укуктары жөнүндөөтө аз билишкендиги жана сот, милиция, прокуратура органдарында майыптар үчүн инфраструктуранын түзүлбөгөндүгү себеп болууда.

Ноокат райондук сотунун имаратынына кире беришке курулган пандустун ачылуу иш-чарасы
Ноокат райондук сотунун имаратынына кире беришке курулган пандустун ачылуу иш-чарасы

“Майыптыгы бар адамдардын укуктары көп бузулат. Бирок өздөрүбүздүн көйгөйлөрүбүздү сот аркылуу чечүүгө тоскоолдуктар көп. Эң башкысы сот имаратына кирүүгө мүмкүнчүлүк жок эле. Кире бериштеги тепкичтерден коляскачан чыга албайбыз, соттун төрагасы экинчи кабатта олтурат”, – деди Кара-Суу районунун тургуну, 1 топтогу майып  Камилжан Майнаев.

Ал өзүнө окшош ден соолук жактан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын  укуктарын коргоо үчүн 2015-жылы “Сезим” майыптар коомун түзүп, бүгүнкү күнү ага 15 мүчө катталган. Коомдун эмблемасында кызыл жүрөктүн, медициналык символдун жана күндүн элеси түшүрүлгөн:  “Биздин жүрөгүбүз жашык келет, мээримдүү жана адилет мамилеге муктажбыз. Ошондой эле чың ден соолукта болуп, күн алдында жашоого умтулуп, эл катары жашагыбыз келет”, – деп кошумчалады К.Майнаев.

Жаңы курулган пандуска эң биринчи майыптыгы бар адамдар өтүштү
Жаңы курулган пандуска эң биринчи майыптыгы бар адамдар өтүштү

Камилжан Майнаев белгилегендей   майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрү көп, бирок аларды чечүүдөөздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жакшы билишпейт жана кимге кайрылуу керектигинен түшүнүктөрү жок.

Статистикалык маалымат боюнча 2015-жылдын башында Кыргызстанда ден  соолук жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү162 миң адам жашаары аныкталган, алар жалпы калктын 2,7 пайызын түзүшөт.  Алардын ичинен 77,5 миңден ашууну социалдык жөлөк пул, 60,3 миң адам майыптыгы боюнча жөлөк пул менен камсыз болушкан. Жөлөк пулдун орточо деңгээли 2,4 миң сомду түзөт.

Ноокат райондук соттун милдетин аткаруучу Каныбек Пирматов журналисттерге майыптардын укуктарын коргоонун абалы жөнүндө маалыматты берүүдө
Ноокат райондук соттун милдетин аткаруучу Каныбек Пирматов журналисттерге майыптардын укуктарын коргоонун абалы жөнүндө маалыматты берүүдө

“Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун эксперти  Шарабидин Таировдун маалыматы боюнча, сот, укук коргоо жана социалдык коргоо органдарында майыптыгы бар адамдар үчүн зарыл болгон инфрасструктура түзүүгө көңүл бурулбай жатат: “Сот имараттарынын кире беришинде аз кыймылдуу адамдардын кирүүсүүчүн пандустар жана анын кармагычтары курулган эмес. Көзү начар көрүүчүлөргө зарыл болгон  контрасттык маркировкалар, тактилдик көрсөткүчтөр, үн чыгаруучу маяктар, Брайла тамгалары менен даярдалган маалымат  такталары дээрлик жок”.

Кара-Суу райондук сотунун короосунун дарбазасына майыптар үчүн курулган жол
Кара-Суу райондук сотунун короосунун дарбазасына майыптар үчүн курулган жол

Ш.Таировдун маалыматына караганда, 2014-жылдын ноябрь айында парламенттик көзөмөлдүн жана “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун алкагында Ош жана Чүй облустарынын сотторунун имараттарында майыптыгы бар адамдар үчүн 52 параметр боюнча кирүү мүмкүнчүлүктөргө карата мониторинг жүргүзүлгөн. Мониторингдин  жүрүшүндө иштеп жаткан сот системасында майып адамдар үчүн кирүү мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиздиги, же жоктугу айгинеленген.

“Аз кыймылдуу жана көзү азиз адамдар үчүн пандустар эки гана сот имаратында бар болуп чыкты. Жергиликтүү сотторго кайрылуучуларды тейлөөчү  кызматтар (канцелярия, архив) көпчүлүк учурда экинчи жана үчүнчү кабатта жайгашкан. Арыздарды жана кайрылууларды кабыл алуу столдордун бийиктиги түрдүүчө 75-112 сантиметрге чейин орнотулган”, – деп кошумчалады Ш.Таиров.

Кара-Суу райсотунун имаратына кире беришине курулган пандус
Кара-Суу райсотунун имаратына кире беришине курулган пандус

Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, ошондой эле бардык сот имараттарында дененин сезими, сүйлөө жана көрсөтүү аркылуу маалымдоо системасы, кабаттардын номерлери жазылган тактилдик табличкалар таптакыр эле жок. Майыптар үчүн ажатканалар бир дагы жерде салынган  салынган эмес.

“Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун алкагында Ош шаардык жана Кара-Суу, Ноокат райондук сотторунун имараттарында пандустар кармагычтары жана чакан аянтчалар республиканын курулуш нормалары менен эрежелерине ылайык курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Буга чейин бул имараттардын кире беришиндеги бийик тепкичтер аз кыймылдуу адамдар үчүн  кирүүгө кыйынчылык жаратчу.

Ноокат жана Кара-Суу райондук сотторунун имараттарындагы бул жаны обьектилердин ачылышына майыптыгы бар адамдар катышышып, алар үчүн сот органдарына кайрылууга түзүлгөн шарттарга кубанычтарын билдиришти. Айрыкча Ноокат шаарында  жаңы бүткөрүлгөн пандустан алгач коляскачан жана башка майып адамдар чыгышып, имараттын биринчи кабатында жайгашкан документтерди кабыл алуу бөлмөсүнө чейин кирип көрүштү. Ноокат райондук соттун милдетин аткаруучу Пирматов Каныбек алар менен жолугушуп, пикир алмашты.

“Ушундай пандустар ар бир тейлөө кызматтарынын имараттарына курулса жакшы болмок. Мен өзүм коляскада жүргөнүмдүктөн көптөгөн мекемелерге кире албаймын, кайрылууларымды, документтеримди мектепте окуган кызымдан берүүгө аргасызмын”, – деди Ноокат шаарынын тургуну, 1-топтогу майып Гүлмира Осмонова. Анын айтуусу боюнча майыптар ушундай тоскоолдуктардан улам мекеме-ишканаларга ишке орношууга  мүмкүнчүлүк жок. «Майыптар административдик имараттарга, ишканаларга кир\\гъ м\мк\нч\л\к жоктугунан ишке орношуу биз \ч\н эё чоё къйгъй болууда», – деп кошумчалады Г.Осмонова.

“Сот имаратында майыптыгы бар адамдар үчүн керектүү инфраструктураны түзүү — майыптыгы бар адамдардын конституциялык укуктарын коргоону жакшыртууга жасалган биринчи кадам. Мындан ары да биз алардын  өз алдынча  бир орундан экинчи орунга баруусу, өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүсүүчүн шарттарды түзүп берүүбүз зарыл”, – деп белгиледи райондун сотунун милдетин аткаруучу К.Пирматов.

Анын айтымында, аз кыймылдуу адамдар үчүн арыз-даттанууларды кабыл алуу бөлмөсү жана сот процесси өтүүчү зал 1-кабатка, кире беришке көчүрүлүп жатат.

“Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун экинчи этабында үч региондук соттун имараттарынын кире беришине контрасттык маркировкалар, ал эми ичине тактилдик көрсөткүчтөр, үн чыгаруучу маяктар, маалымат берүүчү каражаттар, манжалардын сезүүсү аркылуу окулуучу Брайля тамгаларында даярдалган документтердин үлгүлөрүн жана ири жалпак басылмалар менен даярдалган маалымат такталарын коюу иштери пландаштырылган.  Бул жөнүндө аталган долбоордун эксперти Ш.Таиров билдирди.

Белгилеп кете турган нерсе, “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоору БУУ ӨПтүн жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылып жатат жана калктын аялуу катмарынын сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө багытталат.

Зинакан Пасанова, “Кабар ордо”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*