“Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө” мыйзам

2003-жылдын 25-марты № 62

Ушул Мыйзам үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды социалдык-укуктук жактан коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салат.

Ушул Мыйзам тарабынан белгиленген үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоонун социалдык-укуктук чаралары инсандын, үй-бүлөнүн жана коомдун коопсуздугун камсыздоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

 

I Бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

үй-бүлө – өз ара никеде, туугандыкта же жакындык мамиледен улам чогуу жашаган адамдар. Ушул мыйзамдын күч-аракети ошондой эле жарандык абалынын актысын каттоочу органдарда катталбаган никеге (иш жүзүндө никеде) негизделген үй-бүлөгө; асырап алуунун, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр тарабынан камкордукка алынгандар менен чогуу жашаган учурда камкордук жана көзөмөлдүк белгилөөнүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдарды үй-бүлөнүн тарбиялоосуна берүүнүн натыйжасында үй-бүлө мамилесине өткөн адамдарга, ошондой эле, эгер алар нике бузулгандан кийин да чогуу жашашса никеге негизделген үй-бүлө мүчөлөрүнөн болгон адамдарга жана үй-бүлө мүчөсүнүн укугунда чогуу жашашкан туугандарга да жайылтылат;

ыркы жок үй-бүлө – дайыма болуучу (системалуу) зомбулук же зомбулук коркунуч фактылары орун алган үй-бүлө;

үй-бүлөнүн көз каранды мүчөсү – жашынын, оорунун айынан, болбосо майыптыгынан улам багууда турган башка үй-бүлө мүчөлөрүнө көз каранды үй-бүлө мүчөсү;

турмуштук кыйын жагдай – үй-бүлөдөгү чыр-чатакка жана (же) ырайымсыз мамилеге байланыштуу үй-бүлө мүчөсүнүн жашоо-турмушун жана моралдык-психологиялык абалын бузуучу объективдүү жагдай;

үй-бүлөдөгү зомбулук (үй-бүлөлүк зомбулук) – үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчи үй-бүлө мүчөсүнө карата жасаган, үй-бүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу укуктары менен эркиндиктерин кысымга алган, денесинин же психикасынын жабыр тартуусуна алып келген жана үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнүн денесинин, болбосо инсандык жетилишине зыян келтирген же коркунуч туудурган ар кандай атайын аракет;

үй-бүлөдөгү күч колдонулган зомбулук – үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчисин атайын кыйноосу, болбосо уруп-согуусу, ден соолугуна зыян келтирүүсү, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи бир мүчөсүнүн эркин жүрүүсүнөн, турак-жайынан, тамак-ашынан, кийим-кечесинен жана кадимки жашоо шартынан атайын ажыратуусу, оор күч эмгегине мажбурлоосу, ошондой эле жашы жетпегендердин ата-энесинин, алардын камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн, алган адамдардын жашы жетпегенде багуу, анын саламаттыгы жана жекече коопсуздугу жөнүндө кам көрүү милдеттерин аткаруудан качуусу, бул анын денесине же психикасынын саламаттыгына залал келтириши, анын инсандыгынын ар-намысына жана кадыр-баркына зыян келтирүүсү, ошондой эле жабыр тарткан баланын психикалык, денесине же инсандык жетилишине зыян келтириши, же үй-бүлө мүчөсүнүн өлүмүнө алып келиши;

үй-бүлөдөгү психикалык зомбулук – үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кордоосу же аны коркутуу, мазактоо, коркок билишке алуу аркасында анын өмүрү, же ден соолугу үчүн коркунучтуу, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жетпеген мүчөсүнүн психикалык, денесинин же инсандык жетилишинин бузулушуна алып келүүчү укук бузууларды жасоого мажбурлоо;

үй-бүлөдөгү сексуалдык зомбулук – бир үй-бүлө мүчөсүнүн башка үй-бүлө мүчөсүнүн жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине кол салуучу жосун, ошондой эле үй-бүлө мүчөсүнүн жашы жете элегине карата сексуалдык мүнөздөгү аракет;

социалдык колдоо – үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-экономикалык, социалдык-укуктук, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык жактан жана башка мүнөздөгү социалдык тейлөө кызматтарынын комплекси;

үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо – үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык жактан көмөк көрсөтүү, үй-бүлөгө кадыресе үй-бүлө мамилелерин калыбына келтирүүгө жардам берүү, жүрүм-турумду оңдоп-түзөө боюнча чараларды иштеп чыгуу аркылуу үй-бүлөдөгү турмуштук оор жагдайды чечүү боюнча тийиштүү кызматтардын иш-аракеттери;

үй-бүлөдөгү зомбулукка социалдык бөгөт коюу – үй-бүлөдөгү көз каранды мүчөсүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч туулганда, ал коркунучту жоюу максатында тийиштүү кызмат тарабынан тезинен социалдык колдоо көрсөтүү менен коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле адамдардын зомбулуктун уланышына алып келүүчү кайталанган жана дайыма болуучу укукка жат аракеттерине жол бербөө;

коргоо ордери – үй-бүлөдө зомбулуктан жана аны коркутуудан жабыр тартуучуну мамлекет тарабынан коргоого алган жана зомбулук жасаган же аны ишке ашырууга коркутуу аракетин жүргүзгөн адамга ушул Мыйзамда аныкталган чараларды эскертүү жасоого алып келүүчү процесстик юридикалык документ.

 

2-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары

Ушул Мыйзам үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн, ден соолугун зордук-зомбулуктан коргоонун социалдык-укуктук тутумун түзүүнү көздөйт жана жабыр тартуучуларды үй-бүлөлүк зомбулуктан адам укугу жаатындагы эл аралык стандарттарды сактоого негизделген коргоого алат.

Ушул Мыйзам ынтымактуу үй-бүлө мамилеси үчүн шарт түзүүгө багытталган, мында үй-бүлөнүн жашы жетпеген жана кары-картаң мүчөлөрүн зомбулуктан коргоо мамлекеттин өзгөчө милдети болуп саналат.

 

3-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделип, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эл аралык келишимдеринде, жана башка актыларында камтылган ченемдерден турат.

 

4-статья. Ушул Мыйзамдын принциптери

Ушул Мыйзам төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

– адам укугу жаатындагы эл аралык ченемдерди үй-бүлөгө карата сактоого;

– мыйзамдуулукка;

– гумандуулукка;

– үй-бүлөлүк мамилелерге зыян келтириши мүмкүн болгон диний, маданий жана башка үрп-адаттардан коргоого;

– үй-бүлөдө зомбулук кылгандыгы үчүн күнөөкөрдү жоопкерчиликке тартууга;

– зомбулук жасагандыгы жөнүндөгү маалыматтын купуялуулугуна;

– профилактикалык багыт алууларга;

– үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун коргоонун социалдык-укуктук тутумун түзүүгө коомчулуктун, жарандык институттардын катышуусуна.

 

II Бөлүм
Субъекттер чөйрөсүнө карата жасалуучу үй-бүлөлүк зомбулук

5-статья. Субъекттер чөйрөсүнө карата жасалуучу үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук жасалуучу субъекттерге (жапа чеккендерге) үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу жашаган туугандары кирет.

Денеси, психикасы жагынан же башкача зыян тарткан адам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу катары таанылат.

 

6-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун укуктары

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам төмөнкүдөй укуктарга ээ:

– үй-бүлөдө зомбулук жасалгандыгынын фактысы же аны жасоо коркунучу туулгандыгы жөнүндө ички иштер органына, болбосо прокуратурага мамлекеттик, болбосо расмий тилдерде арыз берүүгө;

– медициналык мекемеге жеткирилүүгө жана алгачкы медициналык жардам алууга;

– өзүнүн каалоосу боюнча коопсуз жайга, болбосо социалдык тейлөөнүн аймактык атайын мекемесине жайгаштырылууга;

– өзүнүн коопсуздугунун корголушу, юридикалык жардам жана кеңеш алуу жөнүндө маалымат алууга;

– зомбулук жасаган адамдын жүрүм-турумун коомдук уяткарууга алуу максатында жашаган жери боюнча аксакалдар сотуна кайрылууга;

– зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн коргоо ордерин алууга, болбосо тийиштүү органдарга кайрылууга.

 

III Бөлүм
Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча субъекттердин чөйрөсү, алардын укуктары менен милдеттери

7-статья. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча субъекттер

Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча субъекттердин чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:

– сот органдары;

– прокуратура;

– ички иштер органдары;

– аксакалдар соту;

– Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы);

– өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды социалдык-укуктук жактан коргоо боюнча башка субъекттер.

 

8-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо чараларын жүзөгө ашыруу боюнча соттун милдеттери

Сот ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка администрациялык, жазык жана жарандык-процесстик мыйзамдарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо чараларын жүзөгө ашыруу боюнча чечим кабыл алат.

 

9-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча прокуратура органдарынын милдеттери

Прокуратура органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

– мекемелердин, уюмдардын жана жарандардын аракеттеринин мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашырууга, мыйзамсыз процесстик жана башка чечимдерди жокко чыгаруу үчүн чаралар көрүүгө, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө келип түшкөн кабарларды эсепке алуунун жана каттоонун толуктугун жана өз убагында түзүлгөнүн текшерүүгө;

– сотто үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандын таламдарын жактоого;

– үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялоого.

 

10-статья. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын милдеттери

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин талаптарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоону жүзөгө ашыруу үчүн бардык чараларды көрөт.

Ички иштер органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

– үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан арызды кабыл алууга жана каттоого;

– үй-бүлөлүк жаңжал чыккан жерге өзүнүн өкүлүнүн болуусун камсыз кылууга;

– тараптардан сурап билүүгө;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга зарыл кеңештерди берүүгө жана коргоо ордерлеринин берүү тартибин, болбосо үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуунун тартибин түшүндүрүүгө;

– зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканды медициналык мекемеге же коопсуз жайга, болбосо социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жеткирүүнү уюштурууга;

– үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу чараларын көрүүгө;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселени чечүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди аткарууга;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга убактылуу коргоо ордерин, болбосо соттук коргоо ордерин берүү үчүн материалдарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн материалдарды даярдоого;

– аймактык социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте ыркы жок үй-бүлөлөр менен дайыма профилактикалык иш жүргүзүүгө.

 

11-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин милдеттери

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана мекемелерге: мамлекеттик администрациялар, жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо органдары кирет.

Жогоруда аталган органдар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чыгарылган чечимдердин аткарылышына контролду камсыз кылышат; үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгышат; үй-бүлөлүк зомбулукка түрткү берген себептерди жана шарттарды изилдешет; калктын ар кандай социалдык топтору менен түшүндүрүү ишин жүргүзүшөт.

Үй-бүлө мыйзамдарында каралган негиздер болгондо жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссия үй-бүлөнүн жашы жетпеген мүчөсүнө карата зомбулук жасаган ата-энелерди ата-энелик укугунан ажыратуу жөнүндө сотко расмий өтүнүч билдире алат.

Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнө жана майыптарына карата зомбулук жасалган учурларда алимент жөнүндө расмий өтүнүчтү социалдык коргоонун аймактык органы козгойт, ал ошондой эле аталган адамдарды карылар үйүнө, болбосо медициналык мекемеге жөнөтүү маселелерин чечет, айкын чара көрүү үчүн ички иштер органдарына маалымдайт.

Алименттер алуу укугу бар адамдар багуу акысын алууга укук келип чыккан учурдан тартып өткөн мөөнөтүнө карабастан кайсы мезгилде болсун сот аркылуу алименттердин төлөнүшүн талап кыла алышат.

 

12-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо боюнча башка субъекттердин жана жарандардын милдеттери

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды социалдык тейлөө боюнча ишкердик иш-аракет жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык тейлөөнүн мамлекеттик эмес мекемелери, өкмөттүк эмес башка уюмдар жана жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга, анын мамлекеттик органдарга, болбосо коомдук уюмдарга коргоо издеп кайрылуу укугун түшүндүрүүгө;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга тийиштүү кеңештерди берүүгө;

– аталган органдарга кабарлоо милдеттүү болгон, үй-бүлөнүн жашы жетпеген, аткарууга жөндөмсүз жана аткаруу жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөлөрүнө тиешелүү учурлардан башка учурларда, зарылдыгына жараша үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандын макулдугу менен үй-бүлөдө зомбулук жасалгандыгынын фактысы тууралу ички иштер жана прокуратура органдарына маалымдоого.

 

IV Бөлүм
Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоону уюштуруу

13-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо органдары, уюмдары жана мекемелери

Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

– социалдык коргоо органдары;

– саламаттык сактоо жана билим берүү органдары;

– жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар жана көзөмөлдүк менен камкордук органдары;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (жергиликтүү кеңештер);

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык жактан тейлөө боюнча ишкердик иш-аракет жүргүзүшкөн мамлекеттик эмес адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери, башка өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандар;

– Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ички иштер, прокуратура жана сот органдары.

 

14-статья. Адистештирилген социалдык кызмат

Адистештирилген социалдык кызмат үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр

тарткандарга менчигинин түрүнө карабастан социалдык жактан колдоону жүзөгө ашыруучу уюм менен мекемелерди өзүнө камтыйт.

Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелерине төмөнкүлөр кирет:

– кеңеш берүүчү-профилактикалык борборлор (кризистик борборлор);

– үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүү борборлору;

– балдар жана өспүрүмдөр социалдык баш калкалоочу жайлар;

– зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн социалдык мейманканалар (сыйынт жайлар);

– ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген кары-картаңдарды, майыптарды жана балдарды тейлөөчү социалдык борборлор (күндүзү тейлөөчү бөлүмдөр);

– ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башка категориядагы адамдар үчүн социалдык-реабилитациялык борборлор;

– кайрымдуулук ишканалар жана мекемелер (хоспистер).

Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга бардык кызматты же чектелген көлөмүн көрсөтө алат.

Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери юридикалык жак катары милдеттүү түрдө катталууга тийиш жана уюштуруу документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштейт.

 

15-статья. Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелеринин милдеттери

Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери өз иш-аракетиндеги багыты боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык жактан көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

Адистештирилген социалдык тейлөө мекемелери төмөнкүлөргө милдеттүү:

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканга социалдык жактан колдоо боюнча кызматтардын комплексин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам бузган анын жеке жана материалдык укуктарын коргоону камсыз кылууга;

– зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын макулдугу менен аны комплекстүү социалдык-медициналык-психикалык кароодон өткөрүүнү камсыз кылууга;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын макулдугу менен үй-бүлөдө жасалган зомбулук, болбосо анын коркунучу жөнүндө ички иштер органдарына жана прокуратурага маалымат берүүгө;

– бузулган укуктарды калыбына келтирүү үчүн ички иштер органына, болбосо сотко кайрылуу үчүн зарыл болгон бардык материалдарды даярдоого.

 

16-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо берүүнүн негиздери

Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жардам сурап кайрылуу үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо берүү үчүн негиз болуп саналат.

Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо берүү үчүн ошондой эле үй-бүлөдөгү зомбулуктун белгиленген фактылары, болбосо үй-бүлөнүн көз каранды мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч түзгөн, ички иштер органы, же социалдык коргоонун аймактык органы тарабынан ырасталган, турмуштук оор жагдайдын болушу негиз болуп саналат.

 

17-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелерине жиберүү жана тейлөө

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жеке өзү же үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо органдары аркылуу адистештирилген социалдык тейлөө мекемесине жардам сурап кайрылууга укуктуу.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды кабыл алуунун жана жайгаштыруунун тартиби аталган мекемелердин тиешелүү жобосу менен аныкталат.

Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан адамга адистештирилген социалдык тейлөө мекемеси тарабынан белгилүү кызматтардын комплекси көрсөтүлөт, ошондой эле социалдык мейманканада (сыйынт жайларда) 10 суткага чейин акысыз жашоо укугу берилет. Социалдык мейманканада (сыйынт жайда) болуу мөөнөтүн узартуу келишим шарттарында жүзөгө ашырылат.

Жабыр тарткан адамды тейлөө боюнча чыгымдар белгиленген мөөнөтүнөн ашып кетсе, ал зомбулук жасаган адамдын мойнуна салынат. Чыгымдарды төлөөдөн баш тарткан учурда сот тартибинде каралат.

 

18-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулукка социалдык бөгөт коюу

Жабыр тарткандан арыз түшкөндөн кийин ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн бардык субъекттер үй-бүлөдөгү зомбулукка бөгөт коюуга киришет.

Бөгөт коюу чараларына:

– үй-бүлөнүн жабыр тарткан мүчөсүнүн өмүрүнө же ден соолугуна тикеден-тике коркунуч түзгөн турмуштук оор жагдайды жеринде чечүү боюнча шашылыш чараларды көрүү;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандын өтүнүчү боюнча, болбосо өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч келтирилген көз каранды үй-бүлө мүчөсүн токтоосуз түрдө социалдык мейманканага (сыйынт жайга) жайгаштыруу;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканды тиешелүү медициналык же адистештирилген мекемеге текшерүүгө жөнөтүү, эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген болсо, милдеттүү түрдө текшерүүгө жиберүү;

– эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан үй-бүлө мүчөсүнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген болсо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун ден соолугунун абалына байланыштуу тиешелүү медициналык мекемеге жиберүүдө бул тууралу ишти сотко билдирүү менен, мыйзамдуу өкүлүнүн, ал эми ал жок болсо камкорчу жана көзөмөлдөө органынын макулдугу зарыл;

– эгерде жабыр тартуучунун жашы жете элек болсо, зомбулуктан жабыр тарткандын өтүнүчү боюнча токтоосуз түрдө социалдык жактан кызмат көрсөтүү милдеттүү түрдө жүргүзүлөт;

– социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери зомбулуктан жабыр тартканга, болбосо өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч келтирилген үй-бүлөнүн көз каранды мүчөсүнө социалдык мейманкананын (сыйынт жайдын) берилиши жөнүндө ички иштер органдарына же сотко токтоосуз түрдө билдирилет. Балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык жай берилген же камкорчулук жана көзөмөл алдында болгон үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсү же үй-бүлө мүчөсү күбөлөндүрүлүүгө жиберилген учурларда камкорчу же көзөмөлдөө органына билдирилет;

– ички иштер органынын кызматкери ал жерде анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн түз коркунуч тууларына негиз болгондо же ушул коркунучту түзгөн турмуштук оор жагдайды жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү шашылыш чараларын көрүү үчүн жарандардын имараттарына жана аймагына тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу;

– социалдык коргоонун аймактык органынын кызматкери өзүнүн жеке коопсуздугу ички иштер органынын кызматкери тарабынан камсыз кылынганда жарандардын имаратына жана аймагына тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу;

– адистештирилген социалдык кызмат үй-бүлөдө зомбулук жасоо менен коштолгон, болбосо зомбулук жасоо коркунучу бар жагдайдын мүнөзүн аныктоо үчүн алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүүгө милдеттүү;

– зомбулук жасаган адамга карата ушул Мыйзамда каралган чаралар (убактылуу коргоо ордери, соттук коргоо ордери), болбосо администрациялык же жазыктык куугунтуктун башка чаралары колдонулушу мүмкүн.

 

19-статья. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби

Жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат алынганда билим берүү тутумунун кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүү үчүн аны ички иштер органдарына же прокуратурага берүүгө милдеттүү.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жергиликтүү бийлик органдары, болбосо камкорчу же көзөмөлдөө органдары тарабынан аныкталганда, бардык маалыматтар текшерүү үчүн ички иштер органына жана прокуратурага берилүүгө тийиш.

Ички иштер органдары же прокуратура үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндө маалымат алары менен зомбулукту болтурбай коюуга жана жабыр тартуучуларды үй-бүлөлүк зомбулуктун уланышынан коргоп калууга шашылыш чараларды көрүүгө милдеттүү.

Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери, башка өкмөттүк эмес уюмдар жана калкты социалдык жактан тейлөө боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөн жарандар үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматты ички иштер органдарына жана прокуратурага зордук-зомбулуктан жабыр тартуучунун макулдугу менен беришет. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу үй-бүлөнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөсү болсо, маалыматты берүүгө макулдук талап кылынбайт.

 

20-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоодогу маалыматтын купуялуулугу

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүүдө ден соолугунун абалы, жашоо шарты жаатындагы жана жеке сырына, болбосо жеке турмушуна таандык болгон башка бардык алынган маалымат мыйзам тарабынан корголот. Жекече мүнөздөгү маалыматтар жабыр тартуучунун өзүнүн макулдугу менен гана, болбосо жазык иши козголгондо, болбосо администрациялык жаза чарасы колдонулганда гана пайдаланышы мүмкүн.

Кызмат абалынан улам зомбулук жасалган үй-бүлөдө же анын айрым мүчөлөрүнө карата жасалган зомбулук жөнүндө жашыруун маалымат социалдык-укуктук коргоонун жүрүшүндө өзүнө белгилүү болуп калган адамдар, мыйзамда каралгандан башка учурларда, мындай маалыматты жайылтууга укуксуз.

Аталган маалыматтар элге таратылып кеткен учурда көрсөтүлгөн адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

21-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун атайын каражаттарынын түрлөрү

Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун каражаттарына убактылуу коргоо ордери жана соттук коргоо ордери таандык кылынат.

 

22-статья. Социалдык-укуктук коргоонун атайын каражаттарын берүү үчүн негиздер

Социалдык-укуктук коргоонун атайын каражаттары үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон ар кандай үй-бүлө мүчөсүнүн өзүнүн макулдугу менен берилиши мүмкүн.

Үй-бүлөлүк зомбулук актысын жасоо, болбосо аны жасоо коркунучунун болушу убактылуу коргоо ордерин берүү үчүн негиз болуп саналат.

Үй-бүлөлүк зомбулук актысын жасоо, зомбулук жасаган адамдын үй-бүлө мүчөсүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын укуктары менен таламдарын коргоого коркунуч туудуруп, турмуштук оор жагдайды чечүүгө тоскоолдук кылышы соттук коргоо ордерин берүү үчүн негиз болуп саналат.

 

23-статья. Убактылуу коргоо ордери

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу же анын өкүлү үй-бүлө мүчөсүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч түзгөн жагдай орун алган учурда убактылуу коргоо ордерин алуу үчүн кайрылууга укуктуу.

Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жасалган жердеги ички иштер органынын кызмат органы тарабынан берилет жана үй-бүлөдөгү зомбулук жасалган, болбосо аны жасоонун белгилүү коркунучу туулган мезгилден, болбосо зомбулук көрсөтүү фактысы жөнүндө арыз берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде жол-жоболоштурулууга тийиш. Убактылуу коргоо ордерин берүү сотто даттанылышы мүмкүн жана арыз ошол замат, өзгөчө учурларда 3 суткага чейин каралууга тийиш.

Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жасалган адамга 15 күндүк мөөнөткө берилет. Убактылуу коргоо ордерин алган адам андагы көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарууга милдеттүү, андай болбосо көрсөтүлгөн адам колдонуудагы мыйзамдарга ылайык администрациялык жаза тартууга тийиш.

Зомбулуктан жабыр тартуучунун каалоосу боюнча ага убактылуу коргоо ордеринин көчүрмөсү берилет.

Үй-бүлөлүк зомбулугун жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын сактоосуна контролдук жүргүзүү ички иштер органдарына жүктөлөт.

 

24-статья. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары

Убактылуу коргоо ордеринин шарттарында төмөндөгүдөй расмий чаралар каралышы мүмкүн:

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жабыр тартуучуга жана башка адамдарга каршы ар кандай зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салуу;

– багуусунда болгон жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөткөн адамдын аларга жетимдүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды зомбулуктан жабыр тартуучу менен түздөн-түз жана кыйыр байланышта болууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертүү;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын зомбулуктан жабыр тартуучунун дарылануусунун наркын төлөп берүүгө милдети;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузган учурда ал адам администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралу эскертүү;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун убактылуу коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына карабастан сотко кайрылууга жана үй-бүлөдөгү зомбулук жасаган адамга каршы жазык ишин козгоого укуктуу экендиги жөнүндө эскертүү;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуну убактылуу коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына жана жазык ишин козгоо жөнүндө арыз берген-бербегендигине карабастан, ал сотко кайрылууга жана никени бузуу, мүлктү бөлүү, алимент төлөтүү, зыяндын жана башка компенсациялардын ордун толтуруу жөнүндө иш козгоого укуктуу экендигин эскертүү;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга үй-бүлөлүк зомбулук улантылганда андан коргоо максатында соттук коргоо ордерин алуу үчүн кошумча түрдө кайрылууга укуктуу экендигин эскертүү каралышы мүмкүн, мында убактылуу коргоо ордеринин күчү соттун коргоо ордери алынганда токтотула турат.

Убактылуу коргоо ордерин алган адамдын ордерде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбай коюшу администрациялык жоопкерчиликке алып келет жана анын колдонулуш мөөнөтүн токтотпойт.

 

25-статья. Соттук коргоо ордери

Соттук коргоо ордери сот органы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуну коргоо жана зомбулуктан жабыр тартуучунун ушуга макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу максатында берилиши мүмкүн.

Соттук коргоо ордери 1 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Соттук коргоо ордерин алган адам ордерде көрсөтүлгөн шарттарды сот белгилеген мөөнөттө аткарбаган учурда, бул администрациялык же жазык жоопкерчилигине алып келет.

Соттук коргоо ордеринин колдонулуш мөөнөтү аяктаганда жана үй-бүлөдөгү зомбулук кайталанганда, зомбулук жасаган адамга карата мамлекеттик мажбурлоонун администрациялык жана жазык мыйзамдарында каралган башка чаралары колдонулушу мүмкүн.

Соттук коргоо ордеринин колдонулуш мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотулат:

– анын мөөнөтү аяктаганда;

– тараптар сот аркылуу макулдашууга келгенде;

– тараптар жактан бирөө өлгөндө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

 

26-статья. Соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечим чыгаруунун тартиби

Сот ички иштер органы тарабынан берилген материалдарды карап чыгып, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечим чыгарат жана анын колдонулуш мөөнөтүн жана соттук коргоо ордерин аткаруунун шарттарын аныктайт.

Сот үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды соттук коргоо ордеринин шарттары жана аны аткарбоонун кесепеттери менен тааныштырат жана ага кол койдурат.

Соттук коргоо ордеринин колдонулуш мөөнөтү сот тарабынан соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып эсептелет.

Сот арыз берилген жана соттук коргоо ордерин алуу үчүн кайрылган учурдан тартып 10 күндүн ичинде угуу иштерин жүргүзөт.

Сот тараптардын жеке турмушуна кол тийбестик укугун сактап калуу максатында угуу иштерин соттук жабык заседаниесинде жүргүзөт.

Сот соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечимди үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу жашаган жериндеги ички иштер органына чечим берилген убакыттан тартып 24 сааттын ичинде жиберүүгө милдеттүү.

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын соттук коргоо ордеринин шарттарын сакташына контролдук ички иштер органына жана соттук аткаруучуларга жүктөлөт.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун соттук коргоо ордери жөнүндө токтомдун чыгарылышы жаатындагы кыйды жана негизсиз сын-пикирлери соттук чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга сотко укук берет.

Сотко даттануу менен кайрылганда соттук коргоо ордеринин мөөнөтү токтобойт.

 

27-статья. Соттук коргоо ордеринин шарттары

Соттук коргоо ордеринде төмөндөгүдөй расмий чаралар каралышы мүмкүн:

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга жана башка адамдарга каршы ар кандай зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салуу;

– менчик ээси ким экенине карабастан, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга жашаган жеринен башка жерге кетүүнү сунуш кылуу;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашы жете элек балдарга жетимдүүлүгүн жөнгө салуу;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жабыр тартуучуга жумушта жана башка жерлерде тикеден-тике жана кыйыр түрдөгү байланыштарга барышына жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертүү;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга ок атуучу жана сот тарабынан аныкталган куралдын башка түрлөрүн сатып алууга жана пайдаланууга тыюу салуу;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын зомбулуктан жабыр тартуучунун дарыланууга, кеңеш алууга же социалдык мейманканада (сыйынт жайда) болушуна кеткен чыгымдарын төлөөгө милдети;

– ортолук мүлктү жекече пайдаланышына жана тескешине тыюу салуу;

– үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга соттук коргоо ордердин шарттарын бузган учурда, ал администрациялык тартипте камакка алынылышы, болбосо жазык жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүндүгүн эскертүү;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга соттук коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына карабастан, ал жазык ишин козгоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу экендигин эскертүү;

– үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга соттук коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына карабастан, ал сотко кайрылууга жана ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү, алимент алуу, зыяндын же башка компенсациялардын ордун толтуруу ишин козгоого укуктуу экендигин эскертүү.

Соттук коргоо ордеринде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбоо администрациялык жоопкерчиликке алып келет жана анын колдонулуш мөөнөтүн администрациялык камакка алуу учуруна токтотот.

 

V Бөлүм
Корутунду жоболор

28-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктун учурларын статистикалык эсепке алуу

Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды статистикалык эсепке алууну төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:

– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

– Кыргыз Республикасынын Сот департаменти;

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлиги;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

– социалдык коргоонун аймактык органдары.

Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык отчеттуулук үй-бүлөдө зомбулук жасоонун катталган учурларынын түрлөрү боюнча санын; көрүлгөн чаралардын түрлөрү боюнча үй-бүлөдө зомбулук жасаган жана зомбулуктан жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө социалдык-демографиялык маалыматтарды чагылдырган гендердик-бөлүнүштүрүлгөн көрсөткүчтөрдү камтыйт.

 

29-статья. Ушул мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын            Президенти А.Акаев

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*