Бул күн дүйнө жүзу боюнча “Теңсиздикти жоюу, СПИДди токтотуу, пандемияларды токтотуу” урааны менен белгиленүүдө.
ВИЧ-СПИД илдети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими менен жүрөк-кан тамыр жана кант диабети илдети менен бир категорияда, хроникалык оорулардын тобуна кирет. Мурункудай социалдык жактан кооптуу оорулардын түрүнө кирбейт.
ВИЧ бул кандагы инфекция. Ал ар кандай жол менен жугат. Бизде ВИЧ десе эле сөзсүз наркотик колдонгон же сойкулук сыяктуу иштерге барган деген түшүнүк сиңип калган. Андай эмес, ар кайсы жагдайда: кан куйганда, ооруканада жугушу мүмкүн. Ата-энесинен баласына өтүүсү мүмкүн. ВИЧ статусу барлардын бир эле айырмасы, болгону күнүнө бир дары ичет. Өзү катталган дарыгерге маал-маалы менен барып кеңеш алып турса, анын коомго эч кандай коркунучу жок.
ВИЧ илдетине кабылган жарандын статусу жабык маалымат катары сакталышы керек. Аны өзүнүн уруксаты жок жарыялап салуу, укугун тепселөө болуп саналат. Тилекке каршы кыргыз коомчулугунда бул илдетти негативдүү кабыл алып, ВИЧ статусу барлар эң алгач үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан басмырлана баштайт.
ВИЧке чалдыккандардын укугу эң көп бузулган жагдайлар:
- Жакындары алардын статусу тууралуу коомчулукка жайуусу, жектөөсү.
- Башка оорусу боюнча дарыгерлерге кайрылганда, дарыгерлердин анонимдүүлүктү сактабоосу.
- Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан маалыматтардын купуялуулугу сакталбашы
Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылган адамдардын көпчүлүгү юридикалык жактан колдоого муктаж аялуу катмарга кирет. 2019-жылдан бери Ассоциация Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды Координациялоо кеңешинин мүчөсү катары кызматташып кардарларга эффективдүү юридикалык жардам көрсөтө баштады. Бул платформаны түзүүгө БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоору колдоо көрсөтүп жатат.
Нурбүбү Керимова Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин катчылыгынын мүчөсү.
Leave a Reply