Юрист Калыйман Нурмаматова: Сапаттуу укуктук кеңеш маселенин жарымын чечет

Кардарлар кайсы бир маселе менен кайрылышат. Сүйлөшө келсең толгон токой башка чечилбеген юридикалык маселеси чыгат. Мен укуктук консультацияны ар тараптуу толук бергенге болгон аракетимди жумшайм. Кеңешти жеткиликтүү кылып берсе маселенин көбү ошол жерден эле чечилип, айрым гана кагаз иштерин бүтүрүп коюш керек болуп калат. Кардар ошол кеңешти колдонуп, маселесин чечип, жашоосун жакшыртып алганын билсем, жасаган ишимен рахат алам. Коомду агартууга салым биздин милдетибиз жоопкерчилигибиз деп эсептейм. Бул тууралуу Ош шаардык Акысыз укуктук жардам борборунун юристи, Ош облустук Юстиция башкармалыгынын адиси Калыйман Нурмаматова өз маегинде айтып берди.
Бала кезден укугун үйрөтүп чоңойтуш керек
Бизге мурас талашуу, мүлкүн бөлүштүрүү, никени ажыратуу, алимент алуу, кары-картаңдарды, жубайлардын бири-бирин багуусу, алимент өндүрүү жана башка үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылышат. Мунун баардыгынын түпкү себептери тыгыз байланыштагы маселелер.
Көпчүлүк учурда аялдар кайрылышат, ошондо да такыр болбой, башка жол таппай, кыйналып калганда келишет. Ур-токмокко, кемсинтүүгө, чыдап жашай беришет. Айрым учурда жогорку билимдүү, баарын билген аялдар дагы укугун коргой албай, ишти аягына чыгара албай калган учурлар болот. Албетте ар биринин өзүнүн жүйөлүү себептери болот. Чыдап жүрө беришине ар кандай факторлор менталитет, эски стереотиптер, экономикалык абал, үй-бүлөөдөгү тарбия таасир этет.
Көп жылдык тажрыйбамдан улам анализ жасап көрсөм, зордук зомбулукка кабылган аялдар, жаш кезинен эле өз укугун билип, аны колдонгонду, коргогонду, өз мейкиндигин сактаганды үйрөнүп чоңойсо мындай абалга туш келишмек эмес деп ойлойм. Укук бузулган учурларда кантип коргоп, кандай нерселерге жол бербеш керек экенин, акырындык менен жумшак баарлашуу аркылуу аң сезимине сиңириш керек. Үй-бүлөө мүчөлөрү өздөрү дагы үлгү көрсөтүүсү зарыл.
Үй бүлөөнү сактоого аракет кылам
Биздин милдет айтып үйрөтүү, багыт берүү, юридикалык колдоо көрсөтүү. Берген кеңешимдин баардыгын “андан аркы жашоосу кандай болот?” “кесепети тийбейби?” деген суроолорго негиздейм. Мен мүмкүн болушунча үй бүлөөнү сактоого аракет кылам.
Бирок кандай шарт болсо да, зомбулукка физикалык же психологиялык зомбулукка чыдаган туура эмес деп ойлойм. Мындайга кабылган аял убагы келгенде ден соолугунан айрылат, баары бир өмүргө терс таасирин тийгизет.
Чыдаган туура эмес
Балдарымдын кызыкчылыгы үчүн деп зомбулукка чыдап жашай берген учурлар көп. Негизи үйдөгү тынчтык, эненин санаасы тынч, көнүлү жайдары болсо балдары дагы санаасыз өсөт. Эненин дайыма кылчактап коркуп, чарчап, турганы албетте балдарга терс таасирин тийгизет. Апасы бактылуу болбосо, үй бүлөөнүн башка мүчөлөрү дээрлик бактылуу боло албасы турган иш.
Ар бир адам юридикалык жардам алууга укуктуу
Биздин өлкөдө Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын калыптанып келатканы абдан жакшы болду. Карапайым элге юридикалык жардам алууга баардык мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Кыргызстан боюнча акысыз юридикалык жардам борборлору ачылып, МКЮЖны координациялоо борбору иштеп жатат. Эл ушул мүмкүнчүлүктү колдонуу керек. Билбегендерге айтып жеткирүү зарыл.
***
Эгерде сиз акысыз юридикалык жардамга муктаж болуп атсаңыз Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун ukuk-jardam.gov.kg сайтынан жергиликтүү координатордун телефон номерлерин таап, кайрылсаңыз болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*