Акысыз юридикалык жардам алууга ар бир адамдын укугу бар

Эгерде сиз адвокаттын кызматына муктаж болсоңуз, бирок кызмат акысын төлөөгө мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (МКЮЖ КБ) ukuk-jardam.gov.kg  сайтынан жергиликтүү координатордун телефон номерлерин таап, кайрылсаңыз болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет.  

Элге маалымат жеткирүү зарыл

Калктын аярлуу катмары үчүн жасалган мындай жеңилдиктер “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү” КРнын мыйзамында каралган. Анткен менен элге бул тууралуу маалымат толук жетпей жаткандыгы тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев “Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында билдирип, Юстиция министрлиги маалымат берүү боюнча жеткиликтүү иш алып баруусун тапшырды – “Карапайым калктын көпчүлүгү мыйзамды билбегендиктен бизге көп кайрылуулар түшөт. Окубайт, мызамды билишпейт, айла жоктон барып коррупциялык жолдор менен иш бүтүрүшөт. Жөлөк пул алгандардын көбү, ошол үй-бүлөдө пенсия алган бирөө болсо, ал кирешеге кирбейт деген норма кабыл алынган. Аны билбей бизге дагы деле кайрылышууда. Унаасы 20 жылдан ашык убакытттан бери бар болсо үй-бүлөнүн кирешесине кирбейт деген норма бар, мына ошолорду билишпейт. Ошондуктан сиздер дагы түшүндүрүп, элдин акысыз юридикалык жардам алуусуна жардам бергиле”. 

Эл үчүн маанилүү мыйзам

Учурда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгып, андагы өзгөртүүлөр юридикалык жардамдын сапатын өстүрүүгө багытталган. Анткен менен бул мыйзам Борбор Азия мамлекеттеринин арасында эң ийгиликтүү кадамдардын бири болуп саналат. 

 “МКЮЖ жөнүндөгү”  КРнын Мыйзамы эл үчүн маанилүү, керектүү мыйзам, жана жакын арада айрым техникалык толуктоолору менен кароого берилет” – деп Юстиция министри Аяз Баетов комитеттин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында,  учурда эл аралык уюмдардын жардамы менен ачылган 36 Акысыз укуктук жардам борбору иштеп жатат. Борборлордо адвокаттар өз ыктыяры менен кезектешип элге укуктук жардам көрсөтүшөт. Бул иш ыктыярдуу болгондуктан сапатын талап кыла албай жатабыз. Мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин борборлорго мамлекеттик кызматкерлерди отургузуп иштин сапатын жогорулатуу каралууда.   

Биздин долбоор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын Кыргызстанда калыптанышына чоң салым кошуп келет. Эң алгачкы Акысыз юридикалык жардам борборун 2015-жылы Токмок шаарында ачканбыз. Андан бери долбоордун жардамы менен Ош жана Чүй облустарында 17 борбор ачылып, техника, эмерек, кеңсе товарлары, интернет байланышы менен камсыздалып келет. Мындай акысыз юридикалык жардам борборлору керек экенин көрүп, өнөктөш донорлук уюмдар башка облустарга да ачып, учурда 40ка жакын борбор бар. Мыйзамдын жаңы редакциясы ишке кирсе бул борборлодун актуалдуулугу өсүп, иш сапаты дагы жогорулайт деп ишенем. 2015-жылдан бери борборлор 150 миңден ашуун адамга укукутук жардам көрсөткөн” – дейт БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жана Финляндия ТИМинин «КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун жетекчиси Айнура Алымбекова

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын коммуникация боюнча адиси Нуржан Алымканованын айтымында долбоордун колдоосунда республикалык маалымат кампаниялар тынымсыз жүргүзүлүп келет –“КТРК, ЭлтР, Супер инфо, Марал ФМ, Биринчи радио жана социалдык тармактар аркылуу замандын, элдин талабына ылайык материалдар таратылууда. Мындан 5-6 жыл мурункуга салыштырмалуу азыр эл мындай агартуучулук материалдарды көбүрөөк окуп калды. Албетте, мыйзамдын өзүн окуп укугун билип алгандар аз, бирок материалдардан даректерин алып борборлорго баргандар көбөйдү. Муну жыл сайын өсүп жаткан статистика тастыктап турат”.  

 Укуктук кеңеш берген мобильдик тиркеме иштеп чыгуу  зарыл

Комитеттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев жүргүзүлүп жаткан реформаларга жараша  юридикалык жардамды онлайн алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, мобилдик тиркеме иштеп чыгууну сунуштады, – “Эми азыр технология өнүккөн заманда юридикалык жардамды электрондук түрдө алууга мүмкүчүлүк түзүп, мобилдик тиркемесин да иштеп чыгып койсоңуздар. Эл атайын ошол борборлорго барбай, үйүндө отуруп жазып, керектүү кызматтарды ала тургандай болсо. Муну да протоколдук тапшырма катары берип койсок болот”. 

*** 

Консультациялык-укуктук жардам кайсы жактан алса болот? 

http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-assistance/where-to-get 

Квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн кимдерге кайрылуу керек?

http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-aid/where-to-get 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*