Бир жылда 1862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы расмий катталды

Ушул жылдын башынан бери Кыргызстанда 1862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы ички иштер органдарында катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 55 фактыга азыраак. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди. ИИМдин басма сөз кызматы 27-декабрда тараткан маалыматка караганда, жыл ичинде өлкө аймагында милициянын 50 кабыл алуу пункттары иштеп, 25 миңдей жаран менен жолугушууларды өткөргөн. Укук коргоо органдарынын кызматкердери жети миңдей кайрылуу жана арыздарды карашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аялдардын укуктарына арналган жыйында Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана кыз-келиндерге карата зомбулук маселеси оор экенин билдирген. Анын маалыматы боюнча, быйыл алгачкы жети айда 8405 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Өткөн жылы жети айда 6060 окуя болгон. Ички иштер органдары быйыл 7316 убактылуу коргоо ордер берген. Бул 2020-жылдын жети айына салыштырмалуу 1179 көп.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат. 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. 2020-жылы бул көрсөткүч 9000ден ашкан.

Статистика алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөттү.

https://www.azattyk.org/a/31628168.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*