«Баланы зордук-зомбулуктан коргой ала турган коом түзө албадык»

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жыл ичинде баланы зордук-зомбулуктан коргой ала турган коом түзө алган жокпуз. Мындай пикири менен «Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова «Маралдын» эфиринде бөлүштү.
Ал өлкөдө саясатчылар көп экенин, бирок балдарды, үй-бүлөнү коргой ала турган чечкиндүү саясатчылар жокко эсе экенин билдирди. Жогорку Кеңештин деңгээлинде карасак, бул көйгөйгө 5-6 аял депутат гана көңүл бурган. Ал эми өкмөттө адистердин бат-бат алмашуусу ишти ордунан жылдырган эмес.

«Биз СССРдин убагынан бери социалдык тармактарга деген акчаны түздөн-түз интернаттарга жумшай берип көнүп алганбыз. Кайсы жерде алсыз колдонуучулар болсо, ошол жерде коррупция болот. Жыл сайын өкмөт интернаттарга жарым миллиард сомго чейин каржылоо бөлөт. Бирок анын 15-20% гана балдарга жетет. Калганы жок болот. Анткени балдар үнсүз. Алар өздөрүнө  тамак жетпей жатканын, каржы толук болбой жатканын же зордук-зомбулук көрүп жатышканын айта алышпайт», — дейт ал.

Назгүл Турдубекова коомдо балдарга бөлүнгөн каражаттын эсебинен жашап көнүп алган адамдар бар экенин, алар бул тармакты реформалоого бут тозуп жатышканын кошумчалады.

«Баланы зордук-зомбулуктан коргой ала турган коом түзө албадык»

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*