


Жеңүүчү командалар үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган:
I орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 ноутбук.
II орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.
III орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.
Катышып, жеңип алуу үчүн:
1. Төмөнкү шилтеме аркылуу 2021-жылдын 28-ноябрына чейин өз командаңыздын атынан өтүнмө берүүңүз: https://forms.gle/S9Ydp27uQuovvmEP6 (активдүү шилтеме @alc.kg баракчасынын шапкасында);
2. Команданын катышары тастыкталгандан кийин, уюштуруучулардын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык, социалдык видеороликти даярдай баштоо;
3. Видеороликти 2021-жылдын 4-декабрына чейин сынактын уюштуруучуларына жөнөтүү;
4. Республикалык этапка өткөндөн кийин калыстар тобунун алдында сынакка даярдануу жана сынкка катышуу максаттары тууралуу презентация жасоо зарыл;
Көз карандысыз калыстар үч жеңүүчү команданы аныктайт.
Бул республикалык сынак аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында өтүп жатат. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрдан 10-декабрга чейин созулат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны туруктуу өсүүдө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылы 2415 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, 2017-жылы 7114кө жетип, 3 эсеге көбөйгөн. «Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» республикалык сынагы Кыргызстанда гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын жигердүүлүгүн арттырууга багытталган.
Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, сынактын бардык этаптары онлайн
режиминде өткөрүлөт.
Leave a Reply