Стамбул протоколун толтуртуп, мүлкүн аялынын наамына каттатып бердик

Нарын шаарынын тургуну Света Саякбаева жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери “Теңдеш” крезистик борборунда зомбулукка кабылган аялдарга жардам берип келет. Света эже Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш менен, МКЮЖ тутуму менен болгон кызматташтык тууралуу мындай дейт:

“Мурун биздин борборго кайрылган аялдарга юридикалык жактан жардам бере албай калчубуз. Себеби, буга чейин уюмдун жеке юристи жок эле Учурда МКЮЖ тутумунун юристтери менен тыгыз иштешип жатабыз. Бул тутумдун адвокаттары, биз жиберген жарандардын иштерин соттук процесстерге чейин алып барып, алардын ишин көп учурда оң жагына чечип бергенге жетишти. Өзгөчө колунда жок аялдарга жакшы болду.

Мисалга алсак, 2020-жылы Кочкор шаарында аялын өлтүргөн жаран 11 жылга соттолду. Анын соттолушуна, Нарын шаарындагы МКЮЖнын адвокаттарынын салымы чоң. 

Бирде Ат-Башы районунун жараны аялын бычак такап коркуткан. Биз, Нарын шаарынын Райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) кайрылып каматып койсок, тааныштары аркылуу бошонуп чыгып, кайра мылтык менен аялын коркуткан. МКЮЖнын адвокаттарынын жардамы менен ал киши жоопко тартылып, аялына Стамбул протоколун толтуртуп, мүлкүн аялынын наамына каттатып бердик. Биздин практикабызда мындай окуялар өтө эле көп кездешет. Мени кубанткан нерсе, азыр аялдар мурдагыларга салыштырмалуу өзүнүн укуктарын жакшы билишет”.

Эгерде Нарын жергесинде зордук-зомбулуктан жабыркап, кайда кайрылууну билбей жаткандар болсо, же зомбулукка күбө болгондор төмөндөгү номерге кайрыла алышат: 0700 25 78 90

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*