Өз укугун жакшы билген адам, башканын укугуна кол салбайт

Үй-бүлөлүк зомбулук коомдогу эң курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Былтыр дүйнө жүзү боюнча 243 миллион аялдар жана кыздар сексуалдык же физикалык зомбулукка туш болушкан.

Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда ар бир экинчи аял жолдошунун зомбулугунан сырткары экономикалык жана психикалык басмырлоого чалдыгат. 

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Толкун Эргешов бул проблемага кеңири токтолуп, жарандардын укуктары мамлекет тарабынан кандайча корголуп жатканын айтып берди. 

Үй-бүлөлүк зомбулук деген эмне жана түрлөрү. Коомдо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту физикалык зомбулук же бирөөгө кол көтөрүү деп түшүнүшөт. Бирок, үй-бүлөлүк зомбулуктун башка дагы түрлөрү бар: физикалык, сексуалдык, эмоционалдык, экономикалык, айтышуу, жакындарын коркутуу, контролдоо, кемсинтүү. Буларга балдарга катуу мамиле жасоо, жубайына жана кары-картаӊдарга карата жасалган зомбулук да кирет.

Зомбулук адамдын тапкан кирешесинин көлөмүнө, билимине, коомдогу ордуна карабастан, бардык социалдык группаларда кездешет.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун өзгөчөлүгү күч колдонгондор – жакын адамдар болгону. Көпчүлүгү үй-бүлөдө башынан өткөргөн зордук-зомбулук тууралу элден тартынып, эч кимге айтышпайт жана милицияга кайрылышпайт.

Ички иштер министрлигинин статистикасы: Кыргызстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үй -бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны 30 пайызга өстү. 

Бул катталганы гана. Чындыгында бул көрсөткүч 2-3 эсеге көп. Себеби көп сандаган зомбулуктун учурлары катталбайт, мисалы, аялдар өзүн таарынткан адамдар менен элдешип алышат, же болбосо официалдуу органдарга доо-арыз менен кайрылбастан, маселени чечүүнүн башка жолун издешет. 

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алса болобу? 

Үй-бүлөлүк зомбулук негизинен жазасыздыктан келип чыгат. Зомбулук кылган адам көпчүлүк учурда жазасыз калат. 

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору  жарандардан арыздарын кабыл алат.  Координаторлор жана адвокаттар мыйзамдын талаптарын чечмелеп берет. Мисалы, адвокат кардарга укуктарын түшүндүрөт жана мамлекеттин атынан жана мыйзамга ылайык коргойт. Координаторлорунун жана юристтеринин негизги милдеттеринин бири – калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш алып баруу. Бул үчүн тынымсыз иштер жүрүп жатат. Албетте, мамлекеттин максаты – үй-бүлөнү сактап калуу, такыр болбой калса, анда адамдын укугун коргоо.

Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык жардам деген – адвокаттын акысын мамлекет төлөп берет. Бул салык төлөөчүлөрдүн, элдин, ар бирибиздин акчабыз. Атайын стандарттар бар, ошого ылайык мамлекеттик реестрге кирген жактоочулар жарандардын укугун коргоого алат, ал эми алардын ишинин сапатына да чоң көңүл бурулат. 

Статистика: 2021-жылдын 1-январынан 23-сентябрына чейинки мезгилдеги үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалымат:  

Бул мезгил аралыгында 81 жаран квалификациялуу юридикалык жардам сурап кайрылган.

Ош шаарында жана Ош облусунда – 30, анын ичинен 27 эркек, 3 аял;

Баткен облусунан – 21, анын ичинен 18 эркек, 3 аял;

Талас облусунда – 12, анын ичинен 6 эркек, 4 аял, 2 бала;

Жалал-Абад облусунда – 18, анын ичинен 7 эркек, 9 аял, 2 бала.

87 аял укуктук консультация алуу үчүн кайрылган.

Ош шаары жана Ош облусу – 50 аял;

Жалал-Абад облусунда – 21 аял;

Баткен облусунда – 11 аял;

Талас облусунда – 5 аял.

Мыйзамдарды сактоо, ошондой эле юридикалык жардамга муктаж  болгондорго жардам берүү – сот адилеттигине жетүүнүн жогорулашынын кепили болуп саналат.

Сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана калктын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн маалымат каражаттары аркылуу маалымат берүүнү күчөтүү, укуктук жардам боюнча окутууларды, башка иш-чараларды өткөрүү зарыл. 

Өз укугун жакшы билген адам, башканын укугуна кол салбайт. Адам укугун билиш керек, ал эми мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборлору ар дайым жардам көрсөткөнгө даяр. 

***

БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында даярдалды. 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*