“Элди максаттуу жашоого үйрөтсөк социалдык көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилмек”

Жакында мага аябай көңүлү түшкөн, жүзүнөн кыйналганы көрүнүп турган аял “17 жаштагы кызымды турмушка берсем болобу” деп сурап келиптир. 17 жаштагы кызды турмушка берүүгө болбойт, мыйзам боюнча нике курагы 18 жаш деп дыкаттык менен түшүндүрдүм. Эгерде мыйзамга баш ийбестен турмушка бере  турган болсоңор, ага катышы бар адамдарга үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзам боюнча никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылаарын шашпай айтып бердим.  Баарлашуу учурунда аялда кандайдыр бир кыжаалатчылык бар экенин байкалган. Рахматын айтып кетип аткан жеринен суу ичип алыңыз деп кайра отургузуп, жашоосу жөнүндө сурадым. Алгач жооп бергиси келбей, кетенчиктеп атып, анан баарын төкпөй чачпай айтып берди. 

Турмушка берейин деп аткан кызы биринчи турмушунан, экинчи турмушунан 3 баласы бар, алардын улуусу 6 жашта. Жолдошунун ичип алып уруп сабаган адаты бар экен. “Үйдө эч кимге тынчтык бербейт, баарын уруп, талкалап, терезелерди күүп салат. Ичпесе жакшы адам болуп калат. Бирок акыркы учурда көп ичип азап берип атат” – деп ыйлап, айта албай аткан сырларынын баарын айтып берди. 

Мен ал аялга укуктарын түшүндүрүп, кандай жардам бере алаарыбыздын тизмектеп бердим. Аябай рахматын айтып кетти үйүнө. Бирок жүрөгүм тынч албады. Ошол күну эле кечинде биздин мекеменин эки кызматкерин алып үйүнө бардык. Айткандай эле кызын күйөөгө бергени тойго даярдык болуп атыптыр. Улуу кызына зомбулук болуп калбасын деп коркуп эртерээк эрге берейин деп аткан чагы экен. Биз ошол үйдөгү элдин баарын чогултуп, түшүндүрүү ишин жүргүздүк, мыйзамды майдалап айтып бердик. Баары токтото туралы дешти. Кызды турмушка бербей алып калдык.

Жергиликтүү айыл өкмөтүнөн коммиссия түзүп, жолдошун, анын туугандарын чакырып түшүндүрүү ишин жүргүздүк, бул үй бүлөөнү көзөмөлгө алуу боюнча чечим чыгардык. Жолдошун туугандардыкына көчүрүп барып коргоо ордерин бердик. Кийин өзү ичимдиктен дарыланууга психиатриалык больницага жатып дарыланып келди. Учурда тынч жашап атышат. Бирок баары бир, тынбай каттап кабар алып турабыз. 

Жылдын башынан баштап, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюуга багытталган БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгеси уюштурган окууларына катышканбыз. Анда зомбулукту аныктоо ыкмасы мага өзгөчө таасир берди. Адатта келген элдин суроосуна жооп берип кетире беребиз. Жогорудагы окуяда дагы, кызын эрте турмушка берүү маселесинин артында кандай көйгөй жатканы баарлашуу учурунда аныкталды. Окуунун негизги принциби үй-бүлөөлүк мамилени туура нукка буруу, максаттуу жашоону куруу, баардык маселени биргелешип чечүүгө түртүү экен. Жогорудагы үй-бүлөөгө дагы атайын барып максаттуу жашоого багытталган тренингди өтүп келгем. Азыр кайсы бир маселе жаралаары менен мен ошол окуудагы ыкмаларды колдонуп атам. Элди максаттуу жашоого үйрөтсөк социалдык көйгөйлөрдүн баары өзүнөн өзү чечилмек деп ойлойм.   

Эрнис Сагынбаев,  Өзгөн райондук Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*