Күндүн нуру баарына тегиз тийет

 “Мен Ысык Көлдүн боюндагы бир айылда 1975-жылы туулгам.  Жети баланын алтынчысымын. Менден кийин  бир иним бар.  Мен 20га чыкканда ата-энем 60 жаштан ашып калган. Улуу бир туугандарымды атам менен энем ал-күчү  бар чагында  окутуп-чокутуп билим беришкен. Иним экөөбүз чоңоюп мектепти бүткөн чакта алар жашы улгайып мурдагыдай иштей албай калды. Мен турмушка чыгып өз тирлигимди жасап кеттим. Иним үйлөнүп, Россияга үй-бүлөсүн алып иштеп кетти. Ата-энем айылдагы үйдө жалгыз калды. Айылда жер иштетип, мал багуу, кышкы жем чөп даярдоо карыган адамдар үчүн кыйын болуп калды. Мен ата-энемдин жанына көчүп барып жашай баштадым. Күйөөм жакшы эле айтты, өз айылыбызда эле жашайлы, деп. Мен болбодум, “сенин ата-энең жаш, жанында балдары бар, меники карып калды, балдар-кыздары бөлүнүп кетишти”, – деп.

Ошентип ата-энемди 16 жыл бактым. Малын багып көбөйттүм, үлүш жерин иштетип, капуста, картошка эктим, кышкы отун-суунун камдадым, жанына эки бөлмө ашкана, сарайларды, мончо курдум. Ата-энемдин колун жылуу сууга малып,  жакшы бактым.  Өзүмдүн 3 балам дагы таята-таенесине жакын болуп, боорукер өсүштү. Атам үйүнүн жанына жээн неберем колукту алганда жашайт деп  3 бөлмө чакан үй салдырып койду. Мен дагы ата-энемдин бейпил карылыкта жашаганына санаам тынч болчу. Атам ооруп, капыстан кайтыш болду. Жашы 80ден өтүп калган. Энем үйдү мага жазып бергиси келгени менен элден уялчу, кыргызда  эркек балдары туруп кызына үйүн таштаган каада-салтка жатпайт, жашым барып калды, кичүү балам келсин деп, телефондон чакырып да жатты.

Иним Россиядан 5 баласы менен көчүп келди. Атамдын үйүндө 2 үй-бүлө жашап калдык. Атанын үйү кичүү балага калат деп айтылып эле жүрчү, ага маани берген эмесмин.  Көрсө энем иним келери менен атамдын үй-жайын, мал-мүлкүн, үлүш жерлерин ага  каттап бериптир. Арадан 5-6 ай өтпөй иним менен келиним мени атамдын үйүнөн чыгарып коюшту. 50дөн ашкан курагымда үй-жайсыз калдым, кайындарыма көчүп барып, бирөөнүн үйүндө убактылуу туруп жатам”.

-Энеңиз эмне деди?

-Энем илгертен атанын үйү балага калат, кызым, чыккан кыз чийден тышкары, сен өз элиңе барып жаша деп айтып жүрчү. Анын үстүнө кыргызда кыз атасынын үйүн алып калган салтта жок, эл эмне дейт деп намыс кылышчу. Бирок мени кетиргиси келчү эмес, ал-күчтөн тайып калган.

– Ата-энесин башка эркек бир туугандарыңыз эмне үчүн баккан жок анда?

– Бакканга келгенде баарынын шылтоосу чыкчу, иши бар, үйү башка, аялдары жумушта деген. Күйөөм дагы айылдагы коңшу-колоңго аралашып калганда теңтуштары “күч күйөө” деп  тамаша-чындан шылдыңдап коюшчу, күйөөм ызаланып 1-2 жума айылына кетип калып, кайра келип жүрчү.

-Сиз энеңизге мурдатан үйдү мага каттап бергиле, анан багам деген жок белеңиз?

– Үйдү каттап бергиле, анан багам деген балада ыйман болобу? Атам барда андай сөз болгон эмес, атам үйдүн ээси  Султан (менин уулум), ошого калат менин үйүм деп айтып жүрчү. Мен атама ишенчүмүн. Бирок алдын ала каттаткан эмес. Кийин мураскор энем болуп, атамдын үйү, үлүш жерлери энеме өткөн.

– Сиз 16 жыл ата-энеңиз менен чогуу туруп баксаңыз, талашууга укугуңуз бар эле да? Бакпаган күндө да балдары ал мураска тең укуктуу.

– Энем иниме каттатып койгон соң уул-келинине өзүнүн да алы жетпей калды. Жашы да келип калган, ынтымакта жашагыла деп айтты, атам куруп берген үйгө кирип алгыла, деди. Иним менен келиним ага да тургузган жок.

-Сиз төркүнүңүздө жашап жүргөндө иниңиз менен келинге ишендиниз беле?

-Жок, мен  энем калыс чечет деп ишенгем. Бирок энемди да күнөөлөй албайм,  атасынын үйүндө кыз калган салтта жок деген куру намыска жеңдирди. Келин-уулу энемди укмак тургай, карыган кезде аны да кор кылып жиберди. Энем да өкүнүп калды, кызымды жылуу ордунан козгобой үйдү каттап берсем болмок деп.  Кийин  көзү өтүп кетти.

-Эгерде энеңиз үйдү сизге берсе жашай берет белениз?

– Жашай бермекмин. Эл эмне десе ошо деп басылат да. 

Убакыт өтүп кетиптир. Документтер туураланып калган. Азыр талашканда пайда жок. Кандай болсо дагы мураскорлук иштерди мамлекеттик мыйзам негизинде документтештирип коюудан иш бузулбайт. Мыйзамда кыз  менен эркек бала ата эненин мүлкүнө тең ата мураскор боло алат. Бир тууган болсо дагы 16 жылдык эмгекти жеген бир тууган  “мыйзам бардыгына бирдей” экенин, күндүн нуру дагы баарына текши тийерин билип сестенип калмак…

Мына ушундай. Эл эмне дейт деген куру намыска, заманга ылайыксыз, эски  каада- салтка байланып кыздардын укугу бузган көрүнүштөр көп. 

Азыр бул аял  турмушту кайрадан баштап, эсейген уулун Россиядан иштетип, 2 баласын белине таңып, Каракол шаарынын четиндеги айылда үй куруп жатат. Күйөөсү да улгайып, оор жумушка алы келбей калган. 

Бул аял менен Каракол шаарындагы Мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам борборуна келген учурда жолуктук. Юридикалык жардамга муктаж болуп атасынан калган үй-мүлктү иниси менен бөлүшүүгө мүмкүнбү деп кеп-кенеш сурап келген экен. 

Материал Юстиция министрлигинин демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин аялдар жана кыздарга карата зомбулукту жоюга багытталган “Теңдик нуру” Программасынын колдоосунда даярдалды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*