“Адамга куру намыс эмес, ар намыс керек”

“Биздин борборго келгендер укугумду коргоп бер деп келет. Демек ал адам ошондой укугу бар экенин билет. Бирок мен, өздөрү айткан бир маселеге жооп берип узатып койбойм, ар тараптуу маек курам. Эл укук тууралуу кептерди аябай кызыгып угушат, жакындап сүйлөшүп баштаганда көйгөйлөрүн айта башташат. “Мага ушул керек эле ушуну билбей аттым эле, жакшы болду билип алдым” деп кудуңдап кетишет. Ошол эле адам 2-3 күндөн кийин артынан эки-үчөөнү ээрчите келет. Адам өз укугун коргошу үчүн, алгач кандай укугу бар экенин билиши керек. Укугу бар экенин билбесе кантип коргойт, кантип аны пайдаланат?” – дейт Алай райондук  Акысыз укуктук жардам борборунун адвокаты Айнура Ибраимжанова. Төмөндө адвокат айым менен болгон маекти сунуш кылабыз.  

Биздин борбор 2016-жылы ачылган, бир күндө 7-8 жакын адам кайрылат, Гүлчө айылында жайгашкан. Жылына орто эсеп менен 6 миңден ашуун адамга акысыз укуктук жардам көрсөтөбүз.  Үй-бүлөлүк меселе менен өтө көп кайрылат. Көбүнчө ажырашуу, алимент, мүлк бөлүү маселеси, айыл жер болгондон кийин жер маселеси боюнча дагы талаш-тартыштар болот. 

Зомбулук маселесин чечүүдө Акысыз юридикалык жардам борборлорунун ролу өтө зор. Себеби өзүмдүн жеке байкоом боюнча акыркы эки жылда зомбулук боюнча көп кайрылып атышат. Аялдарга, балдарга, кары-картаңдарга карата зомубулук көп болуп атат, акыркы учурда эркектер дагы бул маселе менен кайрылып жатышат. Алимент, ажырашуу тууралуу келгендерден сурай келсен артында зомбулук чыгат кылайып. 

Статистика боюнча борборго кайрылгандардын 75 пайызы аял кишилер. Алардын көбү зомбулук маселеси менен келишет. Бир аял бир нече жолу кайрылып келген учурлар болот. Экинчи, үчүнчү жолкусунда пикирин өзгөртүп, “чыдай берип туура эмес кылыптырмын, мурдагыда эле чара көрсөм болмок экен” дешет. Көптөрү чечим чыгара албай кеңеш сурап келишет. Шартына карап, экинчи тарапты чакырып алып сүйлөшүп көрүп анан чечимине таасир бергенге аракет кылам. Зомбулук жасаган үй-бүлө мүчөсүн жоопко тартып жазалап койсо, ал адам “мага карата да жазалай турган мыйзамдар иштейт экен, мамлекеттик органдар бар экен” деп сестенип калышат.

Куру намыс эмес, ар намыс керек. Айрымдар “эл эмне дейт, балдарым атасыз калат, эримди кантип сотко берем” – деген куру намыс менен жашай берет. Ал эми күндө таяк жеп кордук көрүп адамдык ар намысы тебеленип атканын эске алышпайт. Укугун коргоого адамга алгач укуктук билим, чечкиндүүлүк, күчтүү эрк, куру намыс эмес, ар намыс керек. Ошол билим менен чечкиндүүлүктү берүүгө, ар намысын сездирүүгө аракет кылам. Келген жарандарды байкап турам, бирине жалпак тил менен түшүндүрөм. Билимдүүлөр келет, аларга өзүнүн деңгээлинде айтсаң түшүнөт. Менин айткандарымды кабыл алып, пикирин өзгөртүп, ыраазылык айтып, көйгөйүн чечкендер көп. Кабыл албаганы да бар. Келгендердин 5-10 пайызы ишти аягына чыгарбай таштап коет. 

Укуктук кеңеш бул документти топтоп, арыз жазуу менен чектелбейт. Биз көбүнчө, адамдарга укугун үйрөтүп, аны кантип пайдалануу керектигин айтып берип, пайдаланбаса кандай кесепети болоорун түшүндүргөн агартуучулук иш  менен алектенебиз. Бирөөнүн маселесин адвокат же башка бир адам толук чече албайт, ага өзү керт башы менен киришип, чечим кабыл алышы керек. 

Баарын эле мыйзамга такай берген туура эмес. Мыйзам боюнча аял ажырашып балдарына алимент алганга укугу бар. Ошол эле учурда үй-бүлөнү сактап калуу дагы мүмкүнчүлүгү бар. Баарын эле ажыраштырып, алимент кесип бериш максат эмес. Үй-бүлө сактала турган жагдай болсо тескеринче ойлонуп кел деп жөнөтөм. Экинчи тарап менен да сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөм. Мисалы 4 баласы менен аял ажырашам деп кайрылды. Үйүндө эртеден кечке тынбай иш кылат экен, ошондо дагы күйөсү, кайындары ишти тез жасабайсың деп нааразы болуп, чыр чатак, жаңжал салып, басынта беришет имиш. Жолдошу, кайын журту менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Катасын мойнуна алышып, азыр тынч жашап атышат. Үй-бүлөлүк жагдайды карап туруп ошого ылайык кеп-кенеш берем. Айрым учурда зомбулук кылган адамга мыйзам чегинде жаза колдонулат экенин, жоопко тартылаарын айтып, аны бат эле ишке ашырып койсо болоорун көрсөтүп койгон жетиштүү болот. 

Акыркы учурда үй-бүлөөдө эркектер жоопкерчиликсиз болуп атат. Бул курулай доомат эмес, статистикадан улам келип чыккан тыянак. Үй-бүлөөлүк зомбулукка кабылгандардын 90 пайызы аялдар, алимент төлөгөндөрдүн 90 пайызы эркектер. Анын басымдуусу бөлүгү төлөбөй качып жүрүшөт. Бул эркектердин үй-бүлөөгө болгон жоопкерсиздиги. Буга миграциянын өсүшү дагы себеп болуп атат.  Бала чакасын таштап башкага үйлөнүп алган эркектерге мыйзам кабыл алсанар болбойбу деп аялдар көп кайрылып жатышат. Албетте мыйзам мындай чектөө коюуга жол бербейт. Бирок эркектердин жоопкерчиликсиздигинин түпкү себебин жакшылап изилдеп көрүш керек. 

Айымдарга дайыма өнүгүү жолунда болгула демекмин. Башканын укугун сыйлап, өз укуңарды тебелетпегиле демекмин. 

*** 

Материал КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин “Теңдик нуру” Программасынын колдоосунда даярдалды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*