Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар кантип жумушка орношо алышат?

Жыл сайын Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны ѳсүүдѳ, бирок жумуш менен камсыз болгондордун саны кыйла эле аз. Учурда ѳлкѳдѳ 190 миӊден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашаса, алардын 80%ы – жумушсуз. Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнѳ жана Акыйкатчынын докладына ылайык, бул эки кѳрсѳткүч теӊ жыл ѳткѳн сайын жогорулап келет.

Майыптар эмнеге иштеши керек?

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандарга тѳлѳнүүчү пенсиялар менен жѳлѳкпулдар жашоо үчүн керек болгон каражаттардын минимумунан бир нече эсе аз. Үчүнчү топтогу майыптар ай сайын 1000 сом (11$ бир аз кѳбүрѳѳк), экинчи топтогу майыптар – 1500 сом (17$ жакын) жана биринчи топтогу майыптар – 3000 сом (35$ жакын) ѳлчѳмүндѳ жѳлѳкпул алышат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык ѳнүгүү министрлигинин билдирүүсү боюнча, ай сайын тѳлѳнүүчү социалдык жѳлѳкпулдардын ѳлчѳмдѳрү мамлекеттин мүмкүнчүлүктѳрү менен экономикалык абалга жараша каралып чыгат. Ошентип, майыптыгы бар жарандарды жумуш менен камсыз кылуу маселеси бир гана укуктардын теӊдиги жана дискриминациянын болбошу менен гана байланышпайт – бул жашоо үчүн күрѳшүү маселеси.

Майыптыгы бар жарандарды жумуш менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттин аракеттери кандай?

Кыргызстанда квоталардын системасы иштейт. Система майыптарды жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктѳрүн жѳнгѳ салат. Мисалы, эгерде ишканада эмгектенген кызматкерлердин саны 20дан ашык болсо, анда 5%ы, тагыраагы, 1 жумуш орду, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандарга берилүүгѳ тийиш.

Жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызматтын органдары ар бир календардык жыл башталардан үч ай мурун жумуш берүүчүгѳ бул ченемдер тууралуу маалымат берүүгѳ тийиш.

Бирок мында кеп мамлекеттик ишканалар туурасында гана болууда. Жеке бизнеске бул эрежелер рекомендациялык мүнѳздѳ гана колдонулат. Ал тургай мамлекеттик мекемелерде деле квота ѳтѳ сейрек сакталат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кѳп учурда жумуш берүүчүлѳр тарабынан дискриминацияга кабылышат.

Майыптыгы бар адамдар жумуш боюнча кайда кайрыла алышат?

1937-жылдан бери ѳлкѳдѳ Кыргыз азиздер жана дүлѳйлѳр коому иштеп келет. Республиканын жалпы аймагында коомдун ѳкүлчүлүктѳрү бар. Уюмдун базасында тигүүчү жана эмерек цехтери, айыл чарба жерлерине ээ ферма иштейт. Майыптар атайын кийимдер менен униформаларды, шейшептер менен матрастарды тигишет, мектеп парталарын, кроваттар менен отургучтарды, металл кармоочторду жана башка кѳптѳгѳн буюмдарды жасап чыгарышат.

Бирок коомдун борбордук башкармалыгынын мүчѳсү  Марат Ташбаевдин айтуусуна караганда, рыноктогу окшош товарлардын атаандаштыгынан улам, коомдун ишканаларына буйрутмалар анча кѳп берилбейт. Ал башка ѳлкѳлѳрдѳ мындай уюмдарга кѳбүнчѳ мамлекет буйрутмаларды бере турганын белгиледи.

Азиздер жана дүлѳйлѳр коому менен +996(312)35 33 81 телефонуна чалып, же erc@elcat.kg электрондук дарегине жазып байланышса болот.

Башкалар кайда кайрыла алышат?

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жумуш менен камсыз болуусуна кѳп учурда бейѳкмѳт уюмдар, фонддор жана коомдук бирикмелер жакшы таасир этишет. Маселен, Кыргызстанда «Равенство» майыптыгы бар адамдардын биримдиги» коомдук бирикмеси иштейт. Уюм мындай жарандарга резюме түзүү, вакансияларды табуу, жумуш берүүчү менен аӊгемелешүү сыяктуу иш-аракеттерде жардам берет.

Коомдук бирикменин жетекчиси Гүлмира Казакунова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка орноштурууда кыйынчылыктар жаралган абалды ѳзгѳртүү үчүн ѳлкѳдѳ майыптуулукка карата кѳз карашты толугу менен ѳзгѳртүү зарыл экендигин белгилейт. «Түшүнүүнүн медициналык моделинен теӊ укуктуулукка негизделген социалдык моделге ѳтүш керек», – деп кошумчалады Казакунова.

«Равенство» майыптыгы бар адамдардын биримдиги» коомдук бирикмеси менен +996(771)627525 телефону же ravenstvokg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу байланышса болот.

Жумуш менен камсыздоо маселелери боюнча ДМЧАга жардам бере алган башка уюмдар да бар:

“Майыптыгы бар адамдарга юридикалык жардам кѳрсѳтүү” фонду. Бул жерден майыптарга эмгек келишимдерин жана башка юридикалык жактан маанилүү документтерди туура түзүүгѳ акысыз жардам беришет.

Байланыш телефону: +996(312)883618

Дареги: Бишкек ш., Фрунзе кѳч., 300, 1-кабат

Майыптыгы бар кыздар менен аялдар үчүн жумуш орундарын камсыздаган Мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын «Назик-Кыз» коомдук бирикмеси.

Байланыш телефону: +996(555) 304 233

Электрондук почта: nurzaada@gmail.com

“Манас” социалдык айылы.  ДМЧА бул жерде жашашат, жашылча-жемиштерди ѳстүрүшѳт, кол ѳнѳрчүлүккѳ үйрѳнүшѳт, жасаган буюмдар менен түшүмдү сатуудан алынган киреше эмгек акыларды тѳлѳп берүүгѳ жумшалат.

Байланыш телефону: +996(550)104243

Дареги: Чүй областы, Москва району, Мураке а., Бегалиев кѳч., н/ж.

“Мүмкүнчүлүк. Возможность” КБ. Уюм ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, таяныч-кыймылдаткыч аппаратында кѳйгѳйү бар жаштардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жаатында иш алып барат.

Байланыш телефону: +996(772) 882 258

ДМЧАларды жумушка орноштуруу боюнча ийгиликтүү мисалдар барбы?

Майыптыгы бар адамдарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча ийгиликтүү кейстердин бири – борбор калаадагы Solomon Sandwiches кафеси. Тамактануу жайын 2020-жылы активист жубайлар Дина жана Нурмат Эшалиевдер ачкан. Алар Даун синдрому менен балдардын ата-энелерин бириктирген «Сантерра» фондун жетектешет. Бул идея үй-бүлѳдѳ кѳптѳн бери келе жаткан, бирок колдоого муктаждык бар эле.

Фонд аркылуу Эшалиевдер ыктыярчы Джеймс жана Ханна Торсондор менен таанышып калышат. Алар Америкадан Кыргызстанга атайы «ѳзгѳчѳ балдар» менен иштѳѳ максатында келишкен. Эки үй-бүлѳ күч-аракетин бириктирип, кафе ачышкан. Учурда ал жерде БЦШ оорусунан жабыркаган майып араба менен жүргѳн официанттар, Даун синдрому жана угуу функциясы бузулган башка персонал иштейт.

Ишке киришерден мурун балдардын баары атайы окуудан ѳтүшкѳн. Азыр бутерброд жайы күнүнѳ 50-70ке жакын кардарды тейлейт.

Кыргызстанда кѳп учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ѳзүн-ѳзү жумуш менен камсыз кылып, ѳз ишин ачуу үчүн ресурстарды издеп табышат. Бирок бул жалпы тенденциядан обочолонууга жатат.

Олжобай уулу Исабектин абалы дал ушундай. 35 жаштагы жигит кѳзү кѳрбѳй калып, бир жыл бою үйүндѳ отурган. Үй-бүлѳдѳ жалгыз багуучу болгондуктан, Исабек укалоону үйрѳнүүнү чечкен. Учурда ал кишилерди ѳзүнүн жеке кабинетинде, ошондой эле борбор калаадагы №4 ҮДТда кабыл алып иштеп жатат. Майып балдарга укалоону акысыз жасайт.

«Кыргызда “Адамга адам себепчи болот” деген кеп бар. Мага колдоо кѳрсѳткѳн жакшы кишилердин жардамы менен ишим жүрүп кетти», – дейт Олжобай уулу.

Турмуштун оор кырдаалына кабылгандардын жумуш менен камсыз болуусуна байланышкан дагы бир окуя Турат Монкоевге таандык. Ал 2015-жылы ток уруп, колу менен бутунан ажырап калган. Монкоевдин беш баласы бар, аларды багып, окутуш керек. Ошондуктан, реабилитациядан кийин дароо эле жумуш издей баштаган. Азыр эмерек цехинин жүк ташуучу унаасын айдайт. Ишкана Чүй областынын Майыптар биримдигине таандык. Унааны айдаш үчүн от алдыруу системасы менен башкарууну ѳзүнѳ ыӊгайлаштырып жасап чыгууга туура келген. Цехте иштегендердин эмгек акылары жасаган жумушунун кѳлѳмүнѳ жараша аныкталат. Буйрутмалар ѳтѳ аз берилген мезгилдер да болот. Бирок, майыптыгы бар жарандардын ѳздѳрү үйдѳ бош отуруп, мамлекет тѳлѳгѳн жѳлѳкпулга эптеп күн кѳргѳнгѳ салыштырмалуу бул жумуш кыйла жакшы экенин белгилешет.   Турат Монкоев кардарларды ѳзү табат, дүкѳндѳрдү кыдырып, цехтин ѳнүмдѳрүн сунуштайт, жарнама үчүн социалдык тармактарда аккаунттары бар.

Цехтен жасалган жыгач буюмдарды баш калаадагы Манас пр., 38 дарегинде жайгашкан Kausar дүкѳнүнѳн сатып алса болот.

Башка ѳлкѳлѳрдѳ абал кандай?

Европа мамлекеттеринде, Кыргызстандагыдай эле квоталар системасы бар. Маселен, Францияда квота кызматкерлеринин саны 20 жана андан жогору ишканаларда жумуш орундарынын 6%ын түзѳт.  Штатта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын болушу жумуш ээси үчүн пайдалуу, анткени ишканага жеӊилдетилген салык режими колдонулат, же болбосо мамлекет дотацияларды тѳлѳп берет.

Мында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир кишиге ылайыктуу кесипти аныктоо үчүн анын абалы индивидуалдуу түрдѳ  каралып чыгат. Андан кийин кесиптик адаптациядан, окуп-үйрѳнүүдѳн, керек болгон учурда квалификацияны жогорулатуу курсунан ѳтѳт.

Бир катар Европа ѳлкѳсүндѳ мамлекет тарабынан жумуш менен камсыз болуудан тышкары, майыптыгы бар жарандарга кошумча жардам бере турган социалдык коргоо системасы да иштейт. Мисалы, Германиянын мыйзамдарында күнүнѳ бир нече саат персоналдык ассистенттин кызматынан акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган. Персоналдык ассистент – бул күнүмдүк жашоодо жардам бере турган, маселен, банкка барып, эсептерди тѳлѳп берген киши. Майып адамдарга мындай кызматтар муниципалитеттин эсебинен кѳрсѳтүлѳт.

Кыргызстанда ДМЧА арналган кандайдыр бир акысыз курстар же кесиптик багыттоолор барбы?

“Манас” социалдык айылы. Бул жерден кол ѳнѳрчүлүккѳ, кулинарияга, дыйканчылыкка үйрѳтүшѳт.

Байланыш телефону: +996(550)104243

Дареги: Чүй областы, Москва району, Мураке а., Бегалиев кѳч., н/ж.

Чүй областынын жаш майыптарынын биримдиги. Эмерек цехинде жыгачтан буюмдарды жасоону үйрѳтүшѳт.

Байланыш телефону: +996(552) 449 222

Кыргыз азиздер жана дүлѳйлѳр коому. Уюмдун базасында металл, жыгач менен иштѳѳгѳ, тикмечиликке, дыйканчылыкка үйрѳтүшѳт

Байланыш телефону: +996 (312) 35 33 81; +996 (312) 35 33 83;

БААУ базасындагы Азиздердин федерациясы кѳзү кѳрбѳгѳн кыргыз жарандары үчүн алты айлык акысыз реабилитациялык курстарды ѳткѳрѳт. Бул жерден компьютердик сабаттуулукка үйрѳтүшѳт.

Байланыш телефону: +996(773)65 66 17

ДМЧА үчүн эмгек биржасы барбы?

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга арналган ѳзүнчѳ эмгек биржасы жок. Бирок, headhunter.kg платформасында «майыптыгы бар адамдар үчүн гана жеткиликтүү» вакансияларды издѳѳ фильтри бар. Аны басканда жеткиликтүү жумуш орундары чыгат.

Майып болгонум үчүн мени жумушка алгылары келбейт. Кайсы жакка кайрылсам болот?

Мындай учурда «За трудовые права» (Эмгек укуктары үчүн) платформасынын коомдук коргоочуларына кайрылууга болот.

Электрондук почта: solidaritycentr.bishkek@gmail.com

Телефондору: +996(555)201028; +996(312)883618

Ошондой эле КР Акыйкатчы институтунун майыптыгы бар адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча маселелерди карап чыккан бѳлүмүнѳ кайрылса болот.

Түз байланыш: 115

Мен эмгектенген ишканада майып араба менен жүрүүгѳ арналган инфраструктура жок. Аралыктан иштей аламбы?

Майып адамды жумушка алып жатканда, жумуш ээси ал адам үчүн атайы эмгек шарттарын түзүп берүүгѳ, жумуш ордун керектүү жабдуулар менен жабдып, коопсуз иштѳѳ мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү. Майып араба менен жүргѳн киши үчүн пандустар менен кармоочтордун, кѳрүүсү начар адамдар үчүн атайы компьютердик экрандын болуусу шарт.

Бирок, тилекке каршы, мамлекет ишкерлерди мындай шарттарды түзүп берүүгѳ милдеттендире албайт. Ошондуктан, ар бир учур индивидуалдуу мүнѳзгѳ ээ жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигинен кѳз каранды.

ДМЧА үчүн жумуш менен камсыз болууда квоталардан тышкары кандайдыр бир жеӊилдиктер же преференциялар каралганбы?

КР Эмгек кодексине ылайык, эгерде майыптуулукка алып келген жабыркоо иштеген жеринен алынган болсо,  анда ал адамга жумуш ээси тарабынан жеӊилдиктер менен преференциялар берилүүгѳ тийиш. Бул учурда ишкананын жетекчиси (кеп жеке менчик да, мамлекеттик да ишканалар тууралуу болууда) жабыркаган кызматкер үчүн бардык инклюзивдүү шарттары менен жаӊы жумуш ордун бѳлүп же түзүп берүүгѳ милдеттүү. Бул талаптарды аткарбаган учурда жумуш берүүчү КР мыйзамдарына (КР ЭК 319-беренесинин 1 жана 2-бѳлүмтѳрү) ылайык жоопко тартылат.

https://cabar.asia/kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*