Базар-Коргон районунда жыл башынан бери 54 зордук-зомбулук фактысы катталган

Базар-Коргон райондук милициясы зордук-зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Базар-Коргон райондук милиция кызматкерлери райондук мобилдик автоунаалардын ишмердигин колдоо ассоциациясы жана коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү менен биргеликте Могол айыл аймагын кыдырышты.

Милициянын көчмө кабылдама унаасы менен Ооган-Талаа, Чарбак, Чкалов, Көк-Төңдү айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда үй-бүлөлүк зомбулуктун келип чыгуу факторлору талкууланып, анын алдын алуу жолдору айтылды.

“Көбүнчө чыр-чатактар миграциядан жана спирт ичимдигин ичкендиктен келип чыгары белгиленди. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар тарабынан үч күндүн ичинде кайрадан ошондой абал кайталана турган болсо жоопко тартылары эскертилди”, – деп айтылат маалыматта.

Белигелей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жети ай аралыгында Базар-Коргондо 54 зордук-зомбулук фактысы катталган.

http://kg.kabar.kg

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*