Асанов Ыдырыс: “Тилектештик автобусу” элге өз укугун билип, коргоп, пайдаланганды үйрөтүп жатат

Асанов Ыдырыс  “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” системасынын адвокаты катары өлкөнүн алыскы айылдарын кыдырып, элге  укуктук жардам көрсөтүп келди. Бул тууралуу төмөндөгү маекти сунуш кылабыз.    

– Долбоор тууралуу айтып берсеңиз? 

– Биз мамлекеттик органдардын адистеринин командасы “Тилектештик автобусуна” түшүп алып  алыскы айылдарды кыдырып элге укуктук жардам көрсөтүп жатабыз. Командада  адвокат, социалдык коргоо, мүлктү каттоо, нотариус, жер, салык жана башка маселелер боюнча адистер бар. Бир кундө эки айыл өкмөткө барабыз. Айыл өкмөттөру элге алдын ала кабар берип, уюштуруп коюшат.  Долбоор БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгесинин колдоосунда уюштуруп жатат.

– Долбоорго катыша турган адистерди “Теңдик нуру” Демилгеси алдын ала окуулардан  өткөргөн эле. Алган билимиңерди колдоно алдыңарбы?

– БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгесинин окууларынан “Тилектештик автобусуна” гана эмес, өзүбүздүн кесибибизге, ишибизге, күнүмдүк жашообузга керектүү билим алдык. Окууда мүлктү каттоонун сырлары, үй бүлөөлүк каражатты сарптоонун тең салмактуулугу, үйдөгү күнүмдүк ишти бөлүштүрүү, биргелешип максат коюп ага жетүүнүн жолдору, кирешени көбөйтүү сыяктуу адамдын аң сезимин түп тамырынан өзгөртө турган көп этаптуу окуу болду. Башында, бул билимди ишибизге кантип колдонобуз деп ойлогом. Эл менен иштеп жаткан кезде байкадым. Алган билимибиз, жаңыча көз карашыбыз, пикирибиз элге берген консультациянын сапатын өзгөрттү.

– Ошондой консультациялардын бирин мисал кылсаңыз? 

– Ош облусуну бир алыскы айылында Батма (аты өзгөртүлдү) деген аял кайрылган. Ал экинчи жолдошу менен жашаганына 7-8 жыл болуптур. Жолдошу 70 жашта, биринчи турмушунан 6 баласы бар. Эки жыл мурун, жолдошу “уулум чоң жакшы үйүн сатып атат, экөөбүз чогу сатып алалы” – деп аялынын үйүн саттырып, экөө чогулуп баласынын үйүн сатып алышыптыр. Уулу атасына үйдү белеке берүү келишими аркылуу өткөрүп койгон экен. 

Батма эже өзүнчө күмөн болуп жүргөн окшойт, документтерин көтөрүп алып – “Расмий никеси бар жубайлардын мүлкү тең бөлүнөт экенин билет элем. Эгерде жолдошум өтүп кетсе же кандайдыр бир себеп менен ажыраша турган болсок,  бул үйдө менин үлүшүм болобу?” –  деп сурап келиптир. 

Мыйзам боюнча белеке берүү келишими менен катталган мүлк, кимге катталган болсо толугу менен ошол кишиники болуп эсептелет, аялынын же күйөсүнүн ал мүлккө тиешеси болбойт. Андыктан бул үйдө сиздин үлүшүңүз жок, эгерде ажырашып кетсеңиз үй толугу менен жолдошуңуздуку болот деп түшүндүрүп бердим. Батма эже бушайман болуп кеткен,  жарым сааттан кийин эле шашып бушуп күйөсүн ээрчитип келиптир. Биз экөөнү отургузуп алып дагы консультация бердик. “Эгерде биз ажырашып кетсек, же жолдошум каза болуп калса мен такыр көчөдө калат экем” – деп аялы маселени кабыргасынан койду. Жолдошу ойлонуп ошол жерден эле үйдү белеке берүү келишими менен аялына өткөрүп берди. 

Жаман айтпай жакшы жок дейт кыргызда. Мындай нерсени алдын ала чечип алган жакшы. Биздин тажрыйбада так ушундай маселенин айынан көчөдө калгандар көп.  Албетте биз мыйзамды түшүндүруп бердик. Бирок окууда алган билимибиз, пикирибиз  адамды чечим кабыл алууга түтөт.   

– Демек бул окуулар адамдын көз караштарын алмаштырган трансформациялык тренинг болгон экен да.     

– Албетте. Пикириң өзгөрсө, билимиң болсо башкача консультация берилет экен. Окууда практикалык ыкмаларды дагы үйрөндүк. Мисалы, биз адвокат катары жарандар кайсы суроо менен кайрылса ошол суроого жооп берип узата берчубүз. Айрымдардын келген максаты башка, бирок берген суроосу башка болот. Мисалы бизге кайрылгандар адатта –  ажырашып кетсек балдар кимде калат, алимент кандай төлөнөт, жолдошум акча тыйындан кайрылбайт деген суроолорду берет. Бул суроолордун артында үйдө зомбулук  болуп атат деген сигнал болушу мүмкүн экен. Окуудагы зомбулукка кабылгандарды аныктоо ыкмасы мага аябай пайдалуу болду. Адвокаттык кесиптин чыныгы миссиясын аткарам деген адам үчүн бул билим чоң олжо болду.

– Сиз байкоо жүргүзүп көрдүңүзбү үй бүлөөлүк зомбулук маселеси негизинен эмне себептен келип чыгат?  

– Себеби ар түрдүү. Негизги себеби жазасыздыктан келип чыгат. Бизде зомбулук кылган адам көпчүлүк учурда жазасыз калат. Зомбулукка кабылган аялдардын баары эле  милицияга арыз менен кайрыла бербейт, кайрылган болсо арызын кайтарып алгандар көп. Албетте жазасыз калган адам, зомбулукту дагы улантат. Эгерде агрессорлор жазаланганын коомчулук көрүп, күбө болуп турса, зомбулук кылгандар тизгинин тартып, өзүн өзү тыйып калмак. “Теңдик нуру” демилгесинин дагы негизги максаты ушул маселеге, аялдарга кыздарга карата зомбулукту жоюуга багытталган.  

– Тилектештик автобусу элге канчалык деңгээлде маанилүү?       

– Тилектештик автобусу долбоору негизинен элдин укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган. Элге укуктук маалымат жеткирилип, укугун билип, бузулган болсо коргоп, аны пайдаланганды үйрөтүп жатат. Бул укуктук мамлекет үчүн абдан маанилүү нерсе. Мындан тышкары, элдин маселеси чечилип атат. Алыскы айылдан районго келишсе, адвокат бош болбой калат, жабык болуп калат, эртеси кайра келиш керек. Баары эле келе бере албайт. Маселени жеринде чечип берген эл үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. 

– Калктын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн эмне кылыш керек.  

– Укуктук маданиятты жогорулатуу үчун элге ушул сыяктуу иш чараларды көбүрөөк жүргүзүп, укуктук маалыматты жеткириш керек. Жергиликтүү администрация, айыл өкмөттөрү юстицияга, адвокатурага кайрылып, бизде мынча айыл бар, мынча эл бар, 3-4 айда бир келип укуктук консультация берип тургула десе, биз барып консультация берип келмекпиз. Мындай демилге айыл өкмөттөрүнөн чыгыш керек. Эгерде элге укуктук маалымат байма бай жеткирилип турса элдин укуктук маданияты кыйла көтөрүлүп калмак.  

– Элге кандай кеңеш бересиз? 

– Максаттуу жашоого умтулгула деп кеңеш берет элем.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*