Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көзү азиз кыз Паралимпиадага катышат

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көзү азиз кыз Паралимпиадага катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалымат боюнча, Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турчу Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Ал 57 килограмм салмакта күч сынашат.

«Биздин Хайит тарыхта алгачкылардан болуп Токио оюндарына парадзюдо боюнча лицензия алды. Ал өлкө намысын коргой турчу биринчи көзү азиз спортчу», -деп жазылган маалыматта.
Спортчу парадзюдо турниринде 57 килограмм салмакта күч сынашат.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*