Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 65 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү

Бишкек шаардык мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

“Ысык-Көлгө жайкы эс алуу лагерине Биринчи Май районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын кезектеги агымы, 65 бала жөнөтүлдү. Жетим, жарым жетим балдар, ата-энелери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары эс алууга кетишти”, – деп жазылат билдирүүдө.

Райондун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга жолдомону бөлүштүрүү жана арыздарды кароо боюнча комиссия өткөрүлүп, биринчи агымга 65 арыз каралган.

Жай мезгилинде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү уюмдарына жалпысынан 437 жолдомо бөлүнгөн.

https://www.super.kg/kabar/news/368937/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*