Адвокат Асель Ишенова: “Ар бир адамдын коопсуз, тынч жашоого укугу бар”

Биздин каарманыбыз өткөн жылы жаш таланттардын кароо сынагына катышып, ырчылар арасында биринчи орунга ээ болгон. Ары таланттуу, ары эмгекчил 25 жаштагы Айнур (аты өзгөртүлгөн) эч кимге угузбай, өз алдынча ырдап атып шыгын өстүргөн. Ал эмгекчилдигинен, жаңы нерсени үйрөнүүгө болгон ынтызарлыгынан улам IT  тармагын дагы кыска убакта мыкты өздөштүрүүгө жетишкен.    

“Биз БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгесинин колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Тилектештик автобусу” долбоорунун адистери менен бирге алыскы айылдарды кыдырып элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүп жүргөн учурда Айнур юридикалык кеңеш алууга келип калды. “Тилектештик автобусуна” кайрылган учурда Айнур башын жерге салып, жашоого кызыгуусун жоготкон, түнт мүнөз тарткан капалуу абалда келди.  Маселесин ачык айтпай эле айланчыктап атты. Ал психологиялык жактан катуу басмырлоого кабылып, түнт болуп, адам менен сүйлөшүүдөн коркуп калганын адистер дароо эле билишти” – дейт Асель Ишенова, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасынын адвокаты. 

Адвокат Аселдин айытымында, Айнур өгөй атасы, апасы тарабынан зомбулук көрүп, андан кутулуунун жолун издеп жардам сурап келген экен. Маселенин баары үй тиричиликтен келип чыгат: “Эмнеге тамак убагында жасалбай калды, нанды туура эмес бышырып койдуң, үйду тез жыйна, балдарды кара, мал тейле…”.  Мындай уруштар, сөөктөн өткөн ачуу сөздөр күн алыс эле болуп, анын баарына кулагы бышып, көнүп калгандай деле болуптур. Бирок максатсыз жашоодон, тынымсыз басмырлоодон, кемсинтүүдөн кыйналгандыгынан эки жолу суицид кылууга да аракет кылган экен. 

Учурда Айнур апасынын экинчи үй-бүлөөсү менен бирге турат. Ал кичинекей кезинде эле ата-энеси ажырашып кетип, апасы экинчи күйөөгө тийип, андан эки уулду болгон. Ошол эки инисин кандай кыйынчылык менен багып чоңойткондугун дагы айтып берген.

Адвокат Айнур менен көпкө чейин сүйлөшүп, улам суроолорду берип атып, анын катып айтпай аткан күйүттөрүн айттыра алган. Мындан бир нече жыл мурун  өгөй атасынын иниси тарабынан зордукталганын дагы көз жашын токтото албай айтып берген. Бирок бул окуя бир нече жыл мурун болгондуктан ал ишти козгоп, бул боюнча арыз  жазуудан баш тартты. 

Айнур бир жак бутун сылтып баскандыктан мамекет тарабынан 3 топтогу майыптыгы боюнча пенсия чегерилип берилген. Бирок пенсия ала турган карточкасын  өгөй атасы, апасы алып алган, пенсияны өздөрү каалагандай колдонушат. Паспортун дагы дүкөнгө залогго коюп, бир нерсе алабыз деп Айнурга дээрлик беришпейт. 

Эки жыл мурун жергиликтүү социалдык коргоо органынын жардамы менен IT адистиги боюнча окуудан окуп, жумушка орношуп иштеп баштаган. Иштеген жерине жагып, айлыгын алып, андан ары өз алдынча жашоону улантууну эңсеп турган Айнурдун тилеги кайрадан орундалбай калган. Тилеке каршы өгөй атасы менен апасы үйдөгү иштер жасалбай, балдар багылбай калды, баарына жетишпейсиң деп урушуп, тилдеп, мажбур менен иштен чыгарып алышкан. 

“Мен ага укуктары тууралуу кенен маалымат бердим, өзүнүн макулдугу менен кризистик борборго жайгаштырып, учурда психологдор менен иштеп атабыз” –  дейт МКЮЖ системасынын адвокаты Асель Ишенова – “Анын өз алдынча жашоосу үчун мамлекеттен жер бөлдүрүп берүүгө арыз берсе болот экенин дагы түшүндүрүп бердик. Азыр Айнур ишке орношууну, ыр сынагына катышууну ойлоп, кайрадан жашоого үмүтү жанып турган учуру. Күзүндө кесиптик лицейге окууга тапшырып IT адистигин  дагы тереңдетип окуп, диплом алууну пландаштырып жатат. Мыйзам боюнча мамалекеттик жана жеке ишканаларда иштеген адамдардын 5 пайызы майыптыгы бар жарандар болушу керек. Мисалы 20 киши иштеген мекеме болсо анын 1 кишиси майыптыгы бар адам болушу керек. Бул мыйзамдын негизинде Айнурду убактылуу окуусун бүткөнчө ишке орноштуруп койсок болот. Жумуш берүүчүлөр бул мыйзамды дээрлик аткарбайт. Биз жарандарыбызга мыйзамды билип, укугун колдонууну дагы үйрөтүшүбүз керек”. 

 “Тилектештик автобусу” демилгесинин алкагында Юстиция министрлиги, Социалдык коргоо, Социалдык фонд, Мамлекеттик каттоо кызматы, Салык кызматы, Кадастр жана башка мамлекеттик органдардын адистеринин тобу менен бирге өлкөнүн алыскы аймактарына каттап, калкка акысыз юридикалык кеңештерди берүүдө.  Долбоор БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгесинин колдоосунда ишке ашырылууда. 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*