Укуктук маданият менден, сизден, бизден, коомдун ар бир мүчөсүнөн башталат

Жылдыз Дуйшенова

Укуктук маданият деген эмне? Укуктук маданиятты кантип жогорулатуу керек? Мыйзамдарды сактаган адамды укуктук маданияты бийик десе болобу? Каткенде чыныгы укуктук мамлекет курууга болот? Бул сыяктуу суроолор укуктук мамлекетте жашагысы келген ар бир адамдын оюнда бар болсо керек.  Эмесе бул тууралуу биздин коомдун активдүү жарандарынын пикирлерин сунуш кылабыз.

Жылдыз Дуйшенова, билим берүү боюнча эксперт:

– Мыйзам бузулуп атканын көрүп туруп кайдыгер болуу укуктук маданияттын төмөндүгү. Эмне себептен өнүккөн өлкөлөрдө укуктук маданият жогору. Себеби аларда мыйзамдын бузулуусун дээрлик кабыл алышпайт, ага жол бербейт. Мыйзамсыз нерсени байкап калышса айтып, жазып, соттошконго чейин барышат.  Ал эми бизде болсо мыйзм бузулуусуна айрымдары жол берет. Мыйзамсыз же туура эмес ишке жол берүү, ага кайдыгер болуу анын өсүп өнүүсүнө алып келет. Укуктук маданият менден, сизден, бизден, коомдун ар бир мүчөсүнөн башталат!

Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер:

– Эгерде мамлекеттин жараны көчөдө жүрүп бүрөөгө же өзүнө байланыштуу кылмыш кылып алып,  тааныш издей баштаса анда бул коррупциялык мамлекет. Эгерде адвокат издей баштаса анда бул укуктук мамлекет. Укуктук маданияттын деңгээли жогору болгон коомдо, адамдын укугун пайдалануу мумкунчулугу, башка адамдын укугун чектебеш, зыянын тийгизбеш керек.  

Алтымышева Алиина

Алтымышева Алиина, саламаттык сактоо боюнча адис:

 – Укуктук маданият деген – адамдын өз укуктарын билүүсү.  Мисалы бизде жарандарды тамекинин зыян тутүнүнөн сактоо тууралуу мыйзам бар. Мындай мыйзам бар экенин  көбү билбейт. Подъезддерде чегишет, маршруттук таксилерде айдоочу тамеки чегип кете берет. Машинедеги балалуу аялдар, жүргүнчүлөр зыян түтүн менен дем алууга туура келет.  Албетте бул эки тараптын тен укуктук маданиятынын төмөндүгү. Укуктук маданиятты жогорулатуу үчүн социалдык түйүндөр, телевидение, маалымат каражаттары  аркылуу күчтүү пропаганда ишин жүргүзүү зарыл.   

 

Элина Карагулова 

Элина Карагулова, медиа эксперт:   

 “Ар бир адам укуктук маданиятын өз алдынча жогорулатуусу керек. Укуктук билимди жогорулатууга көптөгөн ресурстар бар. Интернет аркылуу ар түрлүү багыттагы укуктук материалдарды тапса болот. Мектепте, орто жана жогорку окуу жайларда бул багытта билим беришет. Бирок андан тышкары учурда өзүнүн жашоосу кайсы мыйзамдардын негизинде жөнгө салынып жатканын окуп, түшүнүп, билип, колдонуу ар бир адамдын жеке өзүнүн милдети”.

Сейтек Качкынбай

 Сейтек Качкынбай, чыгыш таануучу:

– Биздин оң көзүбүз сол көзүбүзгө душман эмес деп түшүнушүбүз керек. Теңирчи болобу, мусульман болобу либералбы, социалист же феминист болобу, бул менин оң же сол көзүм экен деп түшүнүшүбүз керек. Мага окшоп ойлобогондун баары мага душман дебей, бул болгону мага окшогон, өзүнүн пикири, ойлору бар дагы бир адам экен деп кабыл алышыбыз керек. Кабыл алынган эрежелерди коомчулуктун баардык мүчөлөрү кабыл алып, аны так аткарышы – укуктук маданият болуп эсептелет.

Тимур Шайхудинов

Тимур Шайхудинов, коомудк ишмер.

 – Укуктук маданият бул биздин деструктивдүү инстинкттерибизди ооздуктап кармап турган нерсе. Албетте ар ким өзүнүн укуктарынын сакталышын каалайт. Бирок укуктук маданият башкалардын  укуктарын сыйлоодон башталат. Коом жана анын ар бир мүчөсү башкалардын укугун жана кызыкчылыктарын сыйлоо абдан маанилүү экенин түшүмөйүнчө, ал коомдо ар дайым хаос өкүм сүрөт.

Советтер союз учурунда мыйзамдар күчтүү болчу, бирок баарын коркутуу менен кармап турушчу. Союз кулагандан кийин элдин укуктук маданияты  абдан төмөн эле, эл мыйзамга баш ийбей, өз билгенин кыла баштаган. Акырындык менен Кыргызстанда күчтүү укуктук маданият калыптанып баратат. Эң жөнөкөй мисал машинени эмне үчүн эреже менен айдайбыз, МАИ кызматкерлеринен же штрафтан корккон үчүн эмес, мыйзамды сакташ үчүн, башкалардын жолдо жүрүү укугун сыйлаш үчүн, укуктук мамлекетти түптөш үчүн эрежелерди сактайбыз. Ушуну  күчтүү укуктук маданият десе болот.

Айнура Чолпонкулова

 Айнура Чолпонкулова, билим берүү боюнча эксперт:

-Укуктук маданиятты жогорулатуунун бирден бир жолу укуктук билимди жогорулатуу, маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу тынымсыз пропаганда жүргүзүү, эң негизгиси мектеп жаштан баштап укуктук маданиятын өстүрүү багытындагы агартуучулук идеология жүргүзүү керек.      

Данияр Аманалиев

Данияр Аманалиев, ишкер:

– Германия окшогон өнүккөн мамлекеттерде светофор кызыл жанып турса, машина жок болсо дагы жолдон өтпөй, жол эрежесин сактап, жашыл жангыча күтүп турушат. Бизде андай адамды таң калып карашмак.  Укуктук маданият бул эрежелер кандай учур болбосун сакталышы керек деген түшүнүктүн калыптанышы.

Укуктук маданиятты жогорулатууда коом бийликти карап күтө бербей ар ким өзүнөн башташы керек.   Мисалы эң жөнөкөй нерсе өз балдарыбызга кылган мамилебизден баштасак болот. Балдар өзүнүн жашоосун кандай жашап өтөөрүн өздөрү чечеби же ата энеси милдетин алып, балдарына дүйнө чемпиону болушуң керек, математиканы жакшы билишиң керек, көпөлөктү алар каалаган кызгылт түс менен эмес, көк менен тартыш керек деп шарт коебу? Биз балдарыбызга өздөрүнүн укуктарын ишке ашырууга эркиндик, мүмкүнчүлүк беребизби, же биз ата-энебиз, биз каалагандай жашашың керек, себеби мен көпту билем, сага караганда акылдуумун дейбизби?  Мындай шартта чоңойгон балдар укуктук маданияты бийик жарандар болуусу кыйын. Алар өздөрүнүн укугу кайдан башталып, кайдан бүтөөрүн түшүнүшпөйт, ошол эле учурда башкалардын укугун бузса болот деген пикир калыптанып калат. Биз өз балдарыбызга башкалардын укугуна кандай мамиле кылуу керек экенин үйрөтүп, өзүбүз үлгү болушубуз керек. Мамлекеттин укуктук маданияты мына ушундай эң жөнөкөй нерседен башталат. 

Кептин соңунда айта кетчү нерсе, жогорку деңгээлдеги укуктук маданиятты калыптандыруу үчүн биринчиден укуктук аң сезимдин калыптануусу зарыл. Экинчиден адам мыйзамдарды, өз укуктарын билүүсү шарт. Ал эми үчүнчүдөн мыйзамдардын бузулушуна кайдыгер мамиле кылбай анын аткарылуусун талап кылышы зарыл.     

Материал БУУӨП жана Финляндия ТИМ “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү”  долбоорунун алкагында  даярдалды.

Маалымат булагы: https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/ky/home/presscenter/articles/2020/08/legal-culture-starts-with-every-member-of-society.html?fbclid=IwAR3AU3wg3yxSeZh0OfKg2xG8DbnHVekhZDblCVYhCk0RUcYuDMTgy4m5TXc

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*