Кыргызстандын Акыйкатчысы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (ДМЧА) укуктарын коргоо менен алектенген аймактардан келген ыктыярчылардын тобу менен жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов республиканын аймактарынан келген ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (ДМЧА) көйгөйлөрүн чечүү жана укуктарын коргоо менен алектенген ыктыярчылар тобу менен жолугушту.               

  Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана тиешелүү мыйзамдары, ошондой эле эл аралык келишимдер жана БУУнун Конвенциялары тарабынан ратификацияланган, мамлекет тарабынан толук кандуу медициналык, социалдык-экономикалык жана каржылык колдоого алынган, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоого байланыштуу бир катар маселелер каралды.

Талкууда көпчүлүк ДМЧАлар үчүн адвокаттардын кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жеткиликсиздиги тууралуу өзүнчө кеп болду. Ушуга байланыштуу, ыктыярчылар Акыйкатчыга кайрылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет  тарабынан кепилденген юридикалык жардамды координациялоо борборун ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн Өкмөттөн өтүнүч келтирип,  колдоо көрсөтүүсүн суранышты.

Өз кезегинде, Токон Мамытов ыктыярчылардын бардык даттануулары жана сунуштары жекече карала тургандыгына, алар боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунун  тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан керектүү иштер жүргүзүлөрүн жана жетекчиликтин дыкат көзөмөлүндө болоруна кепилдик берди.

Акыйкатчы менен жолугушууга катышкан ыктыярчылар: Балыкчы шаарындагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Эдуард Шекенов; “Нурлуу Балдар” фондунун жетекчиси Айнура Маанаева; “Нур-Булак” фондунун жетекчиси Нургүл Султанова; “Садака аль жария” коомдук фондунун өкүлү Нурбек Сариев, “Чүй-Токмок Ынтымагы” фондунун башчысы Эрмек Кыдырбаев; “Боорукер” коомдук фондунун өкүлү Курманбек Бактыбаев; “Биримдик-Токмок” коомдук бирикмесинин жетекчиси, Шерзот Абдурахманов; Нарын облусу боюнча координатор Айзат Мамбетова; Ажырашуу маселелери жана мигранттардын балдарынын көйгөйлөрү  боюнча алектенген Балыкчыдан келген ыктыярчы Асия Чомоева; жарандык активист Венера Тынаевалар болушту.

Отдельной темой обсуждения стал вопрос о недоступности для большинства ЛОВЗ услуг адвокатов. В связи с этим волонтеры обратились к Акыйкатчы с просьбой оказать поддержку и ходатайствовать перед Правительством и Министерством юстиции КР о возможности предоставления Центром по координации гарантированной государством юридической помощи (ГГЮП) при Министерстве юстиции Кыргызской Республики бесплатных адвокатских услуг для людей с ограниченными возможностями здоровья.

Со своей стороны, Токон Мамытов гарантировал, что все жалобы и предложения волонтеров будут рассмотрены в индивидуальном порядке, по ним соответствующими структурными подразделениями аппарата Омбудсмена будет проведена необходимая работа, которая будет находиться на постоянном контроле у руководства института Омбудсмена КР.

Во встрече с Акыйкатчы принимали участие: председатель Общества слепых и глухих г. Балыкчы Эдуард Шекенов; руководитель Фонда «Нурлуу балдар» Айнура Маанаева; руководитель Фонда «Нур-Булак» Нургуль Султанова; представитель ОФ «Садака ал жария» Нурбек Сариев; руководитель Фонда «Чуй-Токмок ынтымагы» Эрмек Кыдырбаев; представитель ОФ «Боорукер» Курманбек Бактыбаев; руководитель ОО «Биримдик-Токмок» Шерзот Абдурахманов; координатор по Нарынской области Айзат Мамбетова; волонтер из г. Балыкчы, занимающаяся вопросами разводов и проблемами детей мигрантов, Асия Чомоева; гражданская активистка Венера Тынаева.

http://ombudsman.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*