Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 7 миңден ашуун адис социалдык кызматтарды көрсөтөт

Дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7 миң 198 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 7 миң 56 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анда балдарга жардам берүүчү жеке ассистенттерге ай сайын 4 миң 900 сом өлчөмүндөгү кызмат акы төлөнүп берилери айтылат.

“Жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полиси райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат. Жеке ассистент баланы багууда социалдык-турмуштук кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, балага реабилитациялоонун жеке программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак бала үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген.

Автор: Бактыгүл Султаналиева
https://www.super.kg/kabar/news/321475/

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*