Таластын Үч-Эмчек айылындагы окуучулар майып кызга кийим-кече, окуу куралдарын алып беришти

Кечээ, 12-декабрда Талас районунун Үч-Эмчек айылындагы К.Каимов атындагы орто мектепте «Биз биргебиз» деген аталышта марафон өттү. Бул тууралуу мектептин директору Алина Мамакеева билдирди.

«Биз окуучулар менен биргеликте «Биз биргебиз» аттуу марафон өткөрдүк. Аны айылда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 7 жаштагы кызга жардам берүү максатында уюштурдук. Чогулган каражатка керектүү кийимдерди, окуу куралдарын алып бердик. Ал үйдө билим алат. Мугалимдер үйүнө барып жумасына 5 саат окутуп келишүүдө», – деди ал.

Ал эми кыздын апасы Света Салиева кызы келечекте дарыгер болуусун кыялданарын айтты.

«5 баланын энеси болом. Кызымдын акыл-эси тунук, бирок буту баспайт. Мугалимдер үйгө келип окутуп кетишет. Окуулары жакшы. Мен мугалимдерге ыраазымын. Кызымды четке чыгарып койбостон убакыт бөлүп келип окутуп кетишет. Ошондой эле ар жыл сайын жардам берип да келишет. Мектеп окуучулары жана мугалимдери кийим-кече, таттууларды жана окуу куралдарын алып келип тапшырып кетишти. Бул биз үчүн абдан сонун кубаныч болду. Өзгөчө кызым аябай сүйүндү», – деди ал.

https://www.turmush.kg/news:383172

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*