Ошто мекеме-ишканалардагы ажатканалар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган эмес, – жашоочу (видео)

Ош шаарындагы мекеме-ишканаларда, ашкана жана сулуулук салондорунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес же талапка жооп бербейт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга 34 жаштагы шаар тургуну Динара Ражапова билдирди.

Ал 2013-жылы Москва шаарында жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен эки буту баспай калган. Анын айтымында, шаарда майыптык арабасын пайдаланган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тиешелүү шарттар каралган эмес.

«Шарттар каралганы менен бизге ыңгайлуу эмес. Пандустар тик жасалгандыктан ал жерге бирөөнүн жардамы жок чыгууга мүмкүн эмес. Мурда басып жүргөндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай шарттар каралганын такыр ойлонбоптурмун. Биз дагы башкаларга окшоп ашкана, кафе, сулуулук салондоруна барып, коомго аралашып жүргүбүз келет. Бирок 2-3 кабаттуу мекемелерге кирүүгө мүмкүн эмес. Мындан сырткары бизди түйшөлткөн маселе — ажаткана. Көп жерлерге барганда ушуну ойлонобуз. Ылайыктуу ажаткананын жоктугунан тамакты көп ичип-жей албайбыз, өзүбүздү тыябыз. Мисалы, “Токтогул” сейил багында, “Ак ниет” эс алуу жайында пандустар курулган. Бирок ажатканаларында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн белги турганы менен, ичине араба менен кире албайсың. Бул маселе тууралуу тиешелүү жерлерге бир нече жолу кайрылганбыз. Убадалар берилгени менен жыйынтык жок», – дейт Динара Ражапова.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдуллаев дагы шаардагы мекеме-ишканалардын көпчүлүгүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар курулбаганын айтты.

«Имарат, ашкана, кафе, дүкөн, сулуулук салондорун курууда биринчи кезекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүүнү эскертүү, ага кошумча эшиктерге белги берүүчү баскычтарды орнотуу пландалууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам керек болсо ошол баскычты басып, кызматкерлерден жардам алат», – деди К.Абдуллаев.

Учурда Ош шаарында 2 миң 400дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катталган.

https://www.turmush.kg/news:380812

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*