Ирандагы Чахарборж айылы көзү азиздердин айылы деген ат менен белгилүү

Ирандын Түндүк Хорасан провинциясында орун алган Чахарборж айылы көзү азиздердин айылы деген ат менен белгилүү.

Бул туурасында “SeeIran” интернет-порталы жазды. Бул айылдын жашоочуларынын көбүнүн көзү азиз. Чахарборж айылында болжол менен 1000 киши жашаса, алардын ичинен 90 кишинин көзү көрбөйт. Мындан 20-25 жыл мурун аталган айылда көзү сокур балдар көп төрөлө баштагандыктан улам бара бара  айыл тургундары бул айылдан  башка шаарларга жер которуп кетишкен. Бул айылдагы адамдардын көзү эмне себептен сокур болуп калгандыгы белгисиз бойдон калууда. Эң кызыгы,  адамдардын көбү сокур болуп төрөлгөн. Ошондой эле таң калтырган нерсе, бул жердеги уй, кой, жада калса мышык сыяктуу жаныбарлар дагы сокур болуп туулган.

Албетте, 2012-жылдан баштап бул айылдагы мындай көйгөйлөр жоюла баштаган жана учурда эки жылдан бери мындай ооруу менен эч ким ооруканага кайрылган эмес. Көптөгөн адистердин айтымында, Чахарборж айылындагы адамдардын сокур болуп төрөлүшүнө генетикалык өзгөрүүлөр жана туугандар ортосундагы нике себепчи болууда.

Бул маселени билген адамдар көзү азиз балдардын төрөлүшүн алдын алууга аракет кылышкан. Бирок ошентсе дагы эмне үчүн бул айылдагы жаныбарлар дагы сокур төрөлөт деген суроо жаралат. Чахарборж айылынын айдоо жерлери дарыянын суусу менен сугарылат. Айыл тургундары мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет.

 

http://kalys.media

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*