Биринчи май районунун жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнө мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүнүн тартиби тууралуу маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун (МКЮЖ КБ) кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жаңы конуштарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууларга катышышты.
Бул жолугушуулар Кыргызстандын кризистик борборлордун ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу: үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүдө жана алдын алууда субъекттердин ролу» темасында өттү.
Иш-чаралардын максаты – жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткандарга юридикалык жардам көрсөтүүнүн шарттары жана түрлөрү тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулоо болгон.
МКЮЖ КБнын кызматкерлери жолугушуунун катышуучуларына  КРнын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам» Мыйзамынын алкагында акысыз укуктук-консультациялык жана квалификациялуу юридикалык жардамдарды көрсөтүүнүн тартиптери жөнүндө маалымат беришти.
    Белгилеп кетсек, жолугушууларга ички иштер органдарынын, социалдык коргоо кызматынын, кризистик борборлордун жана  муниципалдык органдардын өкүлдөрү катышышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*