Тагдыр: Шахта алдында калып, майып болгон А.Апраев унутта калганына нааразы

Түп районунун 43 жаштагы тургуну, 1-топтогу майып Алмаз Апраев жардамга муктаж.

Өзүнүн айтымында, ал Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылындагы көмүр кенинде шахтачы болуп эмгектенип жүрүп, 2003-жылы иш учурунда шахта алдында калган.

«Ошол кырсыктан кийин майып болуп калдым. Башында бир аз колдоолор болсо, кийин эч кандай көңүл бурулбай калды. Өзүм 1-топтогу майып болуп, арабада отурам. Дайыма бир кишинин көмөгүнө муктажмын.

Келинчегим мени багып жаткандыктан эч жерде иштебейт. Эки балабыз бар. Алган пенсия эч нерсеге жетпейт. Учурда ден соолугумду чыңдоого каражат жок, кыйналып жатабыз. Кайрымдуу адамдардан жардам сурайм. Ошол кезде кенди иштеткен компания азыр менден кабар албаганына капа болом», – дейт ал.

Алмазга жардам берүүнү каалагандар 0702504370 номуру аркылуу байланышса болот.

https://www.turmush.kg/news:367002

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*