Эрте нике, зомбулук, миграция… Италияда өскөн кыргыз кызы тууралуу китеп жарык көрдү

Баракелде –  Кечээ, 16-майда Бишкек шаарында италиялык Лучио Сарандреанын Италияда өскөн кыргыз кызы тууралуу китебинин бет ачары болду. Л.Сарандреа — ЮНИСЕФ уюмунун балдарды коргоо бөлүмүнүн Кыргызстандагы башчысы.

Анын айтымында, китептеги («Айсулуу, прекрасная как Луна») образдар 5-6 жылдын ичинде топтолгон. Көптөгөн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр бул китепте баяндалат. Ал эми китеп орус жана итальян тилинде жарык көрүп, апрель айынын башында Рим менен Неаполдо бет ачары өткөн.

«Бул китепте эрте нике, кыздарга карата зомбулук жана миграция маселелери көтөрүлдү. Бул китеп эки дүйнөнүн ортосунда жүргөн бардык адамдарга арналды. Китепти окуй турган окурмандар бул окуяларга окшош нерселерди жасаса, анда бул китептин тарыхка тиешесин сезишет», – деди ал.

Сарандреа аталган китеп аркылуу италиялыктар менен кыргызстандыктар бири-бири тууралуу жаңы маалыматтарды алышарын кошумчалады.

«Китепти жазуу үчүн эки булактан эргүү алдым. Биринчиси — Чыңгыз Айтматов, анын аркасы менен Кыргызстанга келдим. Бул өлкөдөгү бош орун тууралуу кулактандырууну көргөндө билдирүү жөнөттүм, анткени Кыргызстанды Айтматов аркылуу тааныдым. Экинчиси — италиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Луиджи Пианделла», – деди автор.

Китепти сатуудан түшкөн каражат аймактардагы билим берүүнү колдоого жумшалат.

«Биз Кыргызстанда эрте никеге тургандар азайганын көрүп жатабыз. Буга карабай Кыргызстандагы 10 кыздын ичинен бирөө мажбурлоо менен никеге турат. Бул бизди тынчсыздандырат», – деди ал.

Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Юкие Мокуонун айтымында, дүйнөдө 60 млн кыз эрте никеге турууга мажбурланган.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*