ЭРТЕ ЭНЕ БОЛГОН ЭСЕЛЕКТЕР: КЫРГЫЗСТАНДА ТУРМУШКА ЧЫККАН КЫЗДАРДЫН 12 ПАЙЫЗЫН 18 ЖАШКА ЧЕЙИНКИЛЕР ТҮЗӨТ

Оштук Шахсанам (аты өзгөртүлдү) болгону 18 жашта. Ата-энесине эркелеп, окуп-ойной турган убагы. Бирок ал чоң турмуштун кайыгына эбак түшкөн– бир ирет боюнан түшүп, азыр ара төрөлгөн баласы колунда. Түйшүгү түмөн үйдөн эң алыс чыккан жери – эгин талаасы.

Кыргызстанда никеге турууга 18 жаштан кийин гана уруксат берилет. Бириккен улуттар уюму  жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, турмушка чыккандардын 12%ын Шахсанамдай жашы жете электер түзөт. Өзгөчө бул көрүнүш айылдарда күч алган: шаарга караганда турмушка чыккан секелектер дээрлик эки эсе көп. Үч жыл мурун 18ге толо электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам да абалды өзгөртө алган жок.

Ош беш жашта ак бантигин ак жоолукка алмаштырган Шахсанам

Шахсанам тогузунчу классты бүтөрү менен үйгө жуучулар келе баштаган. Ата-энеси дароо макулдугун берди, кызынын пикирин сурап да отурган жок – Шахсанамдын эжелери да, айылдагы башка кыздар да ушинтип эле турмушка аттанган. Жергиликтүүлөр үчүн бул кадыресе көрүнүш.

Ошентип, 15 жаштагы кыз окуучу деген статусун келинге алмаштырды. Бир үйдүн түйшүгүн мойунга алуу секелек үчүн физикалык, моралдык жактан өтө оор эле.

Тун наристеси боюнан түшүп калганда Шахсанам үчүн кыйынчылыктын баары экинчи орунга жылды. Дарыгерлер бул жоготууну жаш эненин организми бала көтөрүүгө даяр эместиги менен түшүндүргөн. Муну статистика далилдейт: 20 жашка чейинки энелердин балдарынын чарчап калуу тобокелдиги 1,5 эсе жогору.

Медицинада кыздардын турмушка чыгуу убактысы 20 жаштан 35 жашка чейин нормалдуу деп айтылат. 15-18 жаштагы кыздар жыныстык катнашка, эне болууга физикалык жана психологиялык жактан даяр эмес болуп, эне-баланын саламаттыгына зыянын тийгизет.

Жашы жете элек энеден жетилбеген бала төрөлөт

Алгачкы ийгиликсиз кош бойлуулуктан кийин каарманыбыз медиктердин көрсөтмөсү менен 3 жыл бою сактанышы керек эле. Бирок Шахсанамдын кайра эле боюна бүтүп, 17 жашында айына жетпей уул төрөдү.  Салмагы аз, иммунитети төмөн бала азыр бир жашка чыкса да, физикалык жактан өсүп-жетилүүсү нормага жетпей жатат.

ЮНИСЕФтин изилдөөсүнө ылайык, 20 жашка чейинки энелерден ара, аз салмакта балдардын төрөлүү тобокелдиги жетилген энелерге салыштырмалуу 1,5 эсе жогору.

“Жашы жеткен аялдар 3,5 килограмм төрөсө, жашы жете электер 2 кг же андан аз салмактагы балдарды төрөйт. Анткени бала эненин курсагындагы тондон азык алат. Өспүрүмдөрдүн организми өрчүбөгөндүктөн, бала жетиштүү витаминдерди ала албай калат. Кичине төрөлгөн бала кеч жетилет:  башка балдарга салыштырмалуу кеч басат, тез-тез ооруйт, ар кайсы инфекцияларды жугузуп алуу коркунучу жогору болот. Салмагы өтө аз төрөлүп калган балдар медицинанын жардамы менен ирденип кеткен убакта дагы алардын басымдуу бөлүгү ар кандай илдеттерге кабылып, тышкы коркунучтардын алдында алсыз болуп калышат. Негизинен алар неврология жактан жана өпкө ооруларына бат кабылып, инфекциялык ооруларга туруксуз келишет. Дагы бир жагдай: ымыркай төрөлгөндө, биз аны эненин көкүрөгүнө жаткырат эмеспизби. Андайда өспүрүмдөрдүн энелик сезими ойгоно электигин байкайм. Аларга салыштырмалуу 25-34 жаштагы аялдар балага мээрим төгүп, камкор болушат. Ал эми жаш кыздар өзү бала болгондуктан, энелик сезими ойгоно элек болот дагы наристеге жетиштүү кам көрө албай калат” , – дейт акушер гинеколог Элнура Байсалова.

Өспүрүм куракта көз жаргандардын арасынан Кыргызстан КМШда экинчи орунда турат.

Жыл сайын 20 жашка толо элек төрт эне төрөттөн каза болот

Кыйынчылыктардын баарын эске алган күндө да Шахсанамды “ооматтуу” десе болот. Анткени жашы жете электер төрөт учурунда көз жумган учурлар көп. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда энелердин өлүмү төмөндөп жатат. Бирок бул көрсөткүч 20 жашка чейинки энелердин арасында өзгөрүүсүз бойдон калууда. Жыл сайын төрөттөн каза болгон

энелердин төртөөсү 20-жашка чейинкилер болот.

“Өспүрүм куракта боюнда болгон кыздар коркунучтун эң жогорку тобокелдигинде турат. Анткени алар, биринчиден, өзү бала болгондугу үчүн төрөткө физиологиялык, психологиялык жактан даяр эмес. Секелектердин кош бойлуулук кези, төрөтү ар кандай коркунучтар менен коштолот. Алардын каны аз болот, кан басымынын көтөрүлүшү жана башка факторлор айына жетпей төрөп коюу жана бойдон түшүү, курсактагы баласынын өспөй калуу коркунучуна алып келет.  Себеби алардын гармондору жетиле элек. Ошондуктан көпчүлүк учурда 15-16 жаштагы кыздар төрөт учурунда көп кан кетип каза болуп калышат”, – дейт Элнура Байсалова.

Эрте нике: мыйзам жемишин бере элек

Эселектердин мынтип эрте эне болушун бир катар жагдайлар шарттайт. Зордуктоого кабылуу, жыныстык катнаш жана сактануу тууралуу маалыматтын жоктугу сыяктуу факторлор бар. Бирок эрте төрөткө негизинен Шахсонам сыяктуу эрте никеге тургандар кабылат.

Кыргызстанда никеге тургандардын 12%ын жашы жете электер түзөт. Маселе аймактарда курч: айылдарда бул көрсөткүч дээрлик 15%га жетсе, шаарларда 10%га жетпейт. Облустар боюнча алсак, Чүй жана Талас облустарында эрте турмуш куруу боюнча биринчи орунда.

Бириккен улуттар уюму менен Улуттук статитистика комитети 2016-жылы изилдөө жүргүзүп, кыздардын эрте турмушка чыгуусунун себептерин аныкташкан. Сурамжылоо жыйынтыгында эрте нике биринчи кезекте кыздардын өзүнүн каалоосу болгону белгилүү болду. Андан соң  кедейликтин айынан болсо, үчүнчү орунда диний көз караштар болгон.

Эрте никенин алдын алуу үчүн 2016-жылы жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Мында молдолордун гана эмес, кыздын ата-энесинин, кызды алып жаткан жигиттин да жоопкерчилиги каралган – 3-5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок мыйзам толук кандуу иштебей жатканын жарандык коом да, парламент депутаттары да айтат.

“Көмүскө түрдө эрте никелешүүгө жол берилип жатат, айрым ата-энелер 18ге чыга элек кыздарына гинекологдордон боюнда болуп калды деген жасалма справканы жасатып алып туруп, жоопко тартылып калбаштын жолун таап,  кыздарын турмушка берип коюп жатат. Гинекологдун справкасы бар болгон үчүн айыл өкмөттөр да уруксат берүүгө аргасыз. Мыйзамды жакшы билген расмий имамдар андай учурда да нике окуудан баш тартып жатышат. Ал эми расмий имам эмес бирок, дин боюнча түшүнүгү, сабаты  бар молдолор жашыруун түрдө нике кыйган учурлар бар”, – дейт “Аялдар Тынчтык Банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова.

Бул фонд акыркы 2 жылда Ош, Жалал-Абадда эрте никенин кесепеттери, бул үчүн мыйзам жана дин алдындагы жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштерин алып барды. Эми алар бүт өлкөдө ушундай иш чараларды улантканы жатат.

Мындан сырткары жарандык коом, өкмөт жана парламент өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Ал эрте никеге тыюу салган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйт.

“Мыйзам чыкканына үч жыл болгонуна карабай эрте төрөгөн энелер азайбай келет. Ошондуктан биз эми кабыл алынган мыйзамдын аткарылуусун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү карап жатабыз. Анткени мыйзам чыкканы менен ал аткарылбаса, көйгөй чечилбейт”, -дейт  Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева.

Шахсанамдын кыйылган кыялы

Мыйзам толук аткарылганга чейин жана ата-энелер жоопкерчиликти толук сезмейин дагы канча кыздын кыялы кыйылат? Ал кыялдар кол жеткис деле эмес. Шахсанамдын кыялы – билим алуу.

“Мен 9-класстан соң окубай калганмын. Кээде мен теңдүүлөр менен маектешкенде, алардын тилин түшүнбөй кетем. Кечке үй иштери менен сыртка деле чыкпай жапайы болуп калгандаймын. Сыртка чыккан күнүм – эгин талаага барып күйөөмө кол кабыш кылуу. Үч жылдан бери үй, талаа жумуштары менен гана алектенип олтурам. Акча тартыштыгы да күч болду. Жакшы жумушка иштейин десем кесибим жок, үй оокаттары менен гана чектелем. Башка арга жок»,-  дейт ал.


Бул материал USAIDдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Анастасия Валееванын ментерлиги астында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Материалды даярдагандар: Айдай Беделбек кызы, Алмира Абидинова

Редакторлору: Мырзайым Жаныбек кызы, Чолпон Узакбаева, Анастасия Валеева

Иллюстративдүү сүрөт: Дарья Удалова

Эрте эне болгон эселектер: Кыргызстанда турмушка чыккан кыздардын 12 пайызын 18 жашка чейинкилер түзөт

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*