Кантип документтеги бир эле ката көп көйгөйлөрдү жаратат? (Адвокаттын блогу)

Айнура Исакеева,  Юстиция министрлигине караштуу Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун адвокаты, Токмок шаары\ мобилдик телефон 0555-46-06-66, 0705-825-835.

Мага көп учурларда укуктарды белгилөөчү документтердеги кетирилген каталардын маселелери боюнча көп кайрылышат. Эгерде адамдар өз укуктарын билишсе, анда бул көйгөй оңой эле чечилет. Жакында эле мага өзгөчөлөнгөн “Дусабүбү” аты бар аял кайрылган. Шартка жараша, өзүнүн жакындары жана тааныштары арасында аны туулгандыгы жөнүндө күбөлүктө же паспортунда көрсөтүлгөндөй “Дусабүбү” эмес, кыскача “Дуся” же “Дусябүбү” деп атап калышкан. Кадрлар бөлүмүндө да эмгек китепчесин толтуруу учурунда ката кетиришкен жана анын туура эмес атын “Дусябүбү” деп көрсөтүшкөн. Жакында өзүнүн пенсиясын тариздөө учурунда Дусабүбү көйгөйлөргө туш болгон. Башка документтер менен бирге өзүнүн эмгек китепчесин берген Социалдык фонддун башкармалыгы эмгек китепчесиндеги аталган туура келбестиктен, анын документтерин кабыл албай коюшкан. Мен ал аялга консультация берип түшүндүрдүм, анын мурдагы иш берүүчүсү эмгек китепчесине “Оңдолгондор туура” деген белгиси менен тийиштүү оңдоолорду киргизүүгө милдеттүү, ал кызмат адамынын колтамгасы жана бул уюмдун/же болбосо анын мураскеринин мөөрү менен бекемделет.

Тилекке каршы, Дусабүбү иштеген мурдакы уюмдун жабылганына көп болгон, мураскери калган эмес. Бул учурда, сот гана укуктарды белгилеген документтин тийиштүүлүк далилин анын ээси берген арыз боюнча белгилөөгө укуктуу болот.

Биринчиден, арыз берүүчү бул фактыны кандай максатта белгилөө керектигинин далилдерин сотко бериши керек – бул болсо, алар үчүн юридикалык мааниге ээ болот жана пенсия алууга укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл.

Экинчиден, укуктарды белгилөөчү документ /эмгек китепчеси/ арыз берүүчүгө тийиштүү экендигин далилдөө керек.

Үчүнчүдөн, бул документти берген уюм ага тиешелүү оңдоолорду киргизүү мүмкүндүгүнүн ээ эместигин тастыктоо керек.

Укуктарды белгилөөчү документтин тийиштүүлүк фактысын аныктоо үчүн арыз берүүчү төмөнкүдөй жеке жана башка укуктарды белгилөөчү документтерди берүүсү керек, анда атындагы каталар болбошу керек:

  1. Паспорт, камсыздандыруу полиси;
  2. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  3. Нике тууралуу күбөлүк;
  4. Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  5. Жашаган жеринен маалымкат;
  6. Орто-техникалык билими тууралуу күбөлүк;
  7. Күбөлөрдөн түшүнүк каттар жана акт, ж.б.

Бул учурда, анын атындагы ката менен эмгек китепчесин берген ал уюмдун көптөн бери болбогондуктан, мен Дусабүбүгө Борбордук облустук мамлекеттик архивден СССР таркагандан кийинки жылдарда укуктук мураскери жок, бул уюмдун жоюулушун тастыктаган маалымкатты алууну сунуштадым.

Ошондой эле, арыз берүүчүнүн жеке документтерине анын эмгек китепчесиндеги атынын туура келбешине байланыштуу, пенсия чегерүүдөн баш тарткандыгы тууралуу Социалдык фонддун бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү баш тартуусу талап кылынган.

Чогултулган документтердин негизинде мен ага  укуктарды белгилөөчү документтин тийиштүүлүк фактын аныктоо тууралуу сотко Арыз жазууга жардам бердим, анда кызыкдар тарап катары Социалдык фонддун органы тартылган, анткени арыз берүүчүгө пенсия чегерүү маселеси чечилип жаткан. Ошондой эле, мамлекеттин кирешесине мамлекеттик алымды төлөө тууралуу банктын дүмүрчөгүн кошо тиркеп коюу зарыл, анын өлчөмү Өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча 1000 сомду түзөт. Бул жагдай көрсөткөндөй, чечилбей турган маселе жок. Көптөгөн көйгөйлөр өзүнүн укуктарын билбегендиктен жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна баштапкы юридикалык консультация алуу үчүн кайрылуу мүмкүндүгүнүн жоктугунан келип чыгууда.

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*