Юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотомочулардын базасы жаңыртылды

15-апрель 2019-жыл, Бишкек шаары. Көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун имаратында юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочулардын курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи өттү.

Окуу 2019-жылдын 11-мартынан 6-апрелине чейин өткөрүгөн. Анда жалпы жонунан 38 адам катышып, анын ичинен 28 катышуучусуна юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочу деген сертификат тапшырылды.

“Окуу курсу 2016-жылы түзүлгөн сурдокотормочулардын базасын жаңыртуу максатында уюштурулду. Бул маалымат базасы сот отурумдарында, нотариуста, адвокаттык контораларда, тергөө учурларында жана башка ушул сыяктуу укук коргоо иштерине байланышкан учурда сурдокотормочуну тез аранын ичинде таап, жалдап алууга мүмкүнчүлүк берет”- деп БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун жетекчиси Айнура Алымбекова өз сөзүндө белгиледи.

Көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун Төрагасы Марат Ташпаев, БУУнун Өнүктүрүү программасына майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жаатынды жигердүү иш жүргүзүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди: “Кесипкөй сурдокотормочуларды дайындоо, майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо багытындагы актуалдуу маселелердин бири. БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенциясын ишке ашырууга дагы көп сурдокотормочуларды дайындоо керек”. Мындан тышкары Марат Ташпаев, БУУӨПтүн колдоосу менен КТРКнын жаңылыктарына сурдокотормо коштолгону дүлөйлөрдүн коомчулугун сүйүнткөнүн белгилеп, бул иш дагы уланат деген үмүтүн айтты.

Сурдокотормочулардын базасын түзүүнүн жана аны жаңылоонун түпкү максаты угуусу жагынан майыптыгы бар адамдардын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп эсептелет.

 

Жаңыртылган база Юстиция министрлигинин сайтына http://minjust.gov.kg/ru/content/surdoperevodchiki  жана башка интернет сайттарга жайгаштырылган.

Сурдо котормочулардын базасы Көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун демилгеси менен, БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*