Мен качан башкалардай болуп күбөлүк, паспорт алам? (Адвокаттын блогу)

Айнура Ибраимжанова, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

 

Бир куну биздин борборго  жашы 20 жаштан ашып калган Алайдын алыскы тоолуу айылында жашаган келин кайрылды: “Бүгүнкү күнгө чейин менин туулгандыгым тууралуу кубөлүгум жок, мен акыры башкалардай болуп күбөлүк, паспорт ала аламбы? Документтин жок болгондуктан адам санына деле кирбейт экенсин ,өзумдун 3-балам бар аларга да кубөлук ала албай жатамын. Апам Асылгул акыл-ээси кем, мени кимден төрөгөндүгүн да тактап айта албайт, мени мектепке окуткан эмес. Ар кимдин колунда жүрүп, жашым он  алтыга киргенде эле туугандарыбыз мени Өзбекстанга бир жетим балага күйөөгө берип коюшкан. Азыр күйөм Россияга иштеп кеткен боюнча келе элек кайда экенди дайынсыз”.

Ээрчитип келген 3 баласын мага көрсөтүп ыйлап арманын айтып жатты. Жумагулдун арыз даттануусун угуп олтуруп ага айтым: “Өзүң мектепте окубаганың аз келгенсип мына татынакай эч күнөөсүз көздөрүн жалдыратып бизди карап сен  ыйласан  кошо ыйлап олтурган балдарың да мектепке барбай калбасын. Тез аранын ичинде туулгандыгын боюнча фактыны аныктоо боюнча сотко арыз жазалы” – деп кеңеш бердим. Ага ишенбей тийиштүү жактарга өзүм бирге барып документтерди  даярдадык.

Чындыгында документтерди даярдаганга көп убакыт кетти. Жыйынтыгында сотко арыз жазып, чечим чыкты.

Биздин борборго Жумагүлгө окшогон жарандар көп кайрылышат. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок үчүн паспорту ала албай  жүрүшөт. Өздөрүнүн документтери жок болгондуктан балдарына да тийиштүү документ ала алышпайт.

Элдин укуктук сабатын жою багытында канча иштесек дагы, дагы далай иштөө керектиги турган кеп.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*