Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө элге жеткирүү зарыл (Адвокаттын блогу)

Расул Абушинов Ысык-Көл, Нарын облустарынын МКЮЖ боюнча координатору.

Чындыгында мамлекетибиз адам укугун коргоо жаатында жаны багыт алгандыгы маалым.  Анын ичинде Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жонундо мыйзамынын кабыл алынышы, ага тийиштүү болгон ченемдик укуктук актылардын ишке кириши жана региондордо бөлүмдөрдүн ачылышы жалпы элге жагымдуу кабар болду.

Эми бул тууралуу баарына жеткирүү зарыл.

Учурда Мамлекет кепилденген юридикалык жардамды координациялоо борборунун Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча бөлүмү массалык маалымат каражаттары аркылуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу элге жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.

2018-жылдын 03-декабрь айында Ысык-Көл телерадиокомпаниясынын “Танкы конок” атуу түз эфирдик көрсөтүүсүнөн элге жеткирүү жана түшүндүү иштери жүргүзүлгөн.

2019-жылдын 31-январь айында “Айкын” туз эфирдик программасында теле аркылуу берилген суроолорго жооптор берилген.

“Ысык-Кол кабарлары” коомдук саясий гезитинде “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү бөлүмдөрү ачылды” атуу макалабыз жарык көрүп, элдин кызыгуусуна ээ болгон.

Мамлекет кепилденген юридикалык жардам тууралуу Каракол шаарындагы юридикалык колледжинин жана К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда талкууланды.

Азыркы учурда, облустун бардык райондоруна болжолдуу чыгуу графиктери түзүлүп, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине жана жалпы элге, мамлекет тарабынан карапайым калктын укуктарын коргоо боюнча жагымдуу шарттар түзүлгөндүгү тууралуу маалымат жеткирилүүдө. Буга чейин Ак-Суу, Туп, Жети-Огуз райондорунда аталган иш-чаралар өткөрүлдү.

Алдыда мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүү максаты турат. Ушундай иштерди жүргүзүү менен карапайым калктын, укуктук кеп-кеӊешке, юридикалык жардамга болгон муктаждыктарын жана мүдөөлөрүн чечүү менен бирге, укуктук мамлекетти түзүүгө салымыбызды кошобуз деген умуттобуз.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*