“Эл эмне дейт” (Адвокаттын блогу)

Фото: WWW

Айнура Ибраимжанова, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

 

Күндөгүдөй жумушта олтурсам  жашы 53-төгү Алмагуль деген аял келип жашоосун төмөндөгүдөй баяндап берди.

“Мен Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөтүнүн Ак-Босого айылынын тургуну Маматжусуп деген кишиге 33 жашымда турмушка чыккам. Мурдагы күйөөм өтүп кеткен. Турмуш экен,  тагдырым ушул экен деп баардык кыйынчылыктарга чыдоого туура келди. Маматжунустун мурунку эки турмушунан 8 баласы бар эле. Мурдагы аялдарынан бир уул, бир кызы жана карыган кайын атам, кайын энем менен бирге жашачубуз. Турмушка чыккандан баштап эле күйөөм бир жумадан кийин эле өзүнүн корс мамилесин көрсөтүп кол көтөрүп жүрдү. Дагы эринен ажырашты деп эл кеп кылат, сүйлөйт деп, уят болбоюн деп баардык кыйынчылыктарга чыдап жашай бердим.

2000-жылы Искак жана 2006-жылы Үмүтай аттуу эки балалуу болдук. Күйөм  Маматжусуп сүйлөсө эч кимге сөз бербейт, башка адамдарга такыр бөлөк адамдай көрүнөт. Колу-конушу менен мени мамиле кылдырбайт. Азыр 53 жашка чыксам да, бир да жакшы сөзүн укпадым, бүгүн айласыздан келдим. Жүрөгүм ооруп акыркы учурда приступ болуп ден-соолугум бир топ начарлап калды. Кайын энем менен кайын атамды жакшы карадым. Алар  мага ыраазы болуп жүрүп каза болушту.  Күйөмдүн мурунку турмушунан калган балдарына  өгөйдөй  мамиле жасабадым. Азыр алар үйлөнүп жайланып калышты. Кудайдын куттуу күнү үйдө уруш-жанжал чыгарат, эки балам да аябай чарчап бүтүштү. Ушул күнгө чейин элден уялып күйөөмдүн зоордук зомбулуктарын жашырып жүрдүм, бирок  барган сайын мурдагыдан да күчөп үй-бүлөөгө зомбулугун улантып жатат. Акыркы учурда баардыгын ичимден сызып кыйналып жүргөндүктөн ооруп калдым мага мындан ары тынч жашоо эле керек. Күйөөмдун наамында эки үй бар, малыбыз бар  мага экөөбүздүн ортобуздагы мүлктү бөлүштүрүүгө жардам керек” –  деп балдары жөнүндө айтып жатып тынбай көзүнө жаш алып жатты. Алмагүл эжени араң соротуп, андан ары сөзун угуп олтурдум.

Алмагүль эже биздин борборго дагы далай каттап, кеп кеңеш алып кетип жатты, укуктары тууралуу кеңештерди берип, юридикалык жардам көрсөтүп келтабыз. Айтаарым биздин аялдардын “Эл эмне дейт” деген туура эмес түшүнүгү орноп калган. Сенин жашооң кыйын болуп жатса, үйдө күн сайын зомбулук, чыр чатак болуп жатса, бир берген өмүрдү ый муң менен өткөрүп жатса, элдин кебинин кимге кереги бар. Балдарың күн сайын ыйлап, чатактан жадап турса, элдин кеби менен эсептешүүнүн кереги барбы? “Эл эмне дейт” деген биздин өзүбүздүн аң сезимибизге сиңип калган стереотиптен кутулуу керек. Өз жашооңду өзүн каалаган куруп, ак эмгек менен бактылуу өмүр сүрсөң албетте “эл азамат дейт”.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*