Билимдүү эне – бактылуу үй бүлөө. (Адвокаттын блогу)

Айнура Ибраимжанова, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

 

Өткөн жылы биздин борборго Гульзина атуу кыз келип жардам сурады. Ал Ноокат районунун Кок-Жар айылынын тургуну Даниярга турмушка чыгып, 5 балалуу болушкан. Гульзинанын ата-энесинин колунда жок экендигинен күйөсү, кайын-журту ал келин болгондон башап “сенин ата-энең бечера, биз байбыз бизге эч ким тең келе албайт” – дешип кордоп келишкен. Гульзина келин катары бардык жумуштарды аткарып, ооз ачпай тилин тишине катып келген. 2016-жылы  авто кырсыкка кабылып оор жаракат алганда күйөсү Гульзинаны ата-энесиникине 5-баласы менен жеткирип берет. Бир жылдай төшөктө жатып, апасы, бир тууганы каралашып айыгат. Бул учурда күйөсү башка аялга үйлөнүп, арака берилип кетет.

Гульзина биздин борборго ажырашуу, алимент өндүрүү, мүлк бөлүштүрүү боюнча кеңеш алуу үчүн келген.

Борборго мындай арыз муң менен көп аялдар кайрылат. Аялдарды, кыз кишини турмуштун мындай оор акыбалына туш болтурбоо менин оюмча ар бирибиздин колубузда. Эң негизгиси аялдарга билим берип, кесипти үйрөтүп, өзүн өзү бакканга, акча табууга мүмкүнчүлүк берип укуктук билимин жогорулатуу зарыл. Бул нерсе бала кезден үй бүлөөдөн баштап тарбиялоо зарыл.

Эл менен иштешип, канчалаган аялдардын тагдырын угуп, билип аралашып жүрөм. Жеке байкоомдо, зомбулук бар үй бүлөөдө чоңойгон балдар, кийин өз турмушун курганда дагы зомбулукка дуушар болушат экен. Андыктан өзүбүз үчүн болбосо дагы балдардын келечеги үчүн өзүбүздүн жашообузду жакшыртууга ар дайым умтулуубуз керек.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*