“Аялын урган эркектер жазасын алса…”

Иллюстрациялык сүрөт.

28 жаштагы келин жолдошунун зордук-зомбулугунан тажаганда сотко кайрылды. Адистердин айтымында, кыргыз коомунда күйөөсүнүн кордугун ачык айтып, укугун коргогон аялдар саналуу.

Өзүн Айжамал деп тааныштырган 28 жаштагы келин үчтөгү кызын ээрчитип алып акыйкаттык издеп жүргөн кези. Ал жолдошу менен түтүн булаткан төрт жылдык өмүрү зомбулук менен коштолгонун ыйга муунуп айтып берди:

– Ушул жылдын жазында баламды алып ата-энемдикине кетип калдым. Балам ооруп, түнү менен жөтөлдү. Күйөөм ошого жиндеп “жөтөлү токтобойт” деп эшикке кууп чыккан. Ага чейин урушуп, мага кол көтөргөн учурлар көп эле жолу болгон. Кордугуна чыдап, апамдарга айтпай, жашырып жүргөм.

Айжамал жолдошу, үч жаштагы кызы жана кайнатасы менен чогуу Чүйдүн чет жакасындагы айылдардын биринде жашачу. Келин ажырашууга арыз бергенден кийин да күйөөсүнүн зомбулугунан кутула алган эмес.

– Артымдан калбай жүрдү. Ишиме келип, кесиптештерге уят кылат. Бир күнү жумуштан чыксам, машинеси туруптур. Токмоктоп, талаага алып барып зордуктады. Окуяны ата-энеме айтып, укук коргоо органдарына арыз жаздык. Тергөөчүлөр “күйөөңүз зордуктамак беле, ал сиздин күйөөңүз да” деп мыскылдап, иш козгошкон жок. Кызым дагы атасынан коркуп калыптыр. Психологго, балдар адистерине көрсөтүп жатам.


Келиндин айтымында, жолдошу ушул жылдын 30-августунда ата-энеси жашаган үйгө келип, ызы-чуу салган. Талаш-тартыш учурунда үйдүн терезесин сындырып кеткен.

Келиндин энеси айла кеткенде ошол сынган терезени негиз кылып милицияга арыз жазган. Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы иш козгогон.

Бир апта мурда Аламүдүн райондук сотунда жабырлануучу катары сүйлөгөн Айжамалдын апасы күйөө баласына мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды:

– Кеп айнекте деле эмес, кызыма көргөзгөн кордугу жанга батты. Буга чейин арыз жазганбыз, милиция карабай койгон. Укук коргоочуларга, кризистик борборлорго бардым. Акыркы жолу күйөө балам үйгө мас болуп келип, ызы-чуу чыгарды. Ошол күнү милиция чакырдык, алар бирөөнүн мүлкүн сындырды деп иш козгошту. Сынган айнекти күйөөм эбак эле салып койгон. Бирок кызымдын тагдырын айнектей талкалап, кордук көрсөткөнү үчүн жазасын тартсын. 

Сот учурунда Айжамалдын күйөөсү, 30 жаштагы С.Т. аттуу кылмышка шектүү жаран күнөөсүн моюнуна алган жок.

– Айнекке колум тийип кетип, кокустан сынып калган. Баламды урган эмесмин. Үйдө чыр аялым иштеп баштаганда чыкты. Ал балага аз убакыт бөлүп калган.

Кийинки сот жараяны эми ушул айдын аягына белгиленди. Айжамал жана анын ата-энеси акыйкат чечим үчүн аягына чейин күрөшөрүн айтышууда.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат.

Укук коргоочулар аялдардын басымдуу бөлүгү өзүнүн керт башын, укугун коргобосун белгилешет.

Ошол эле учурда Айжамалга окшоп акыйкаттык үчүн күрөшүүгө бел байлап, бирок күйөөсүн жоопко тарттыра албай убара болгон аялдар да жок эмес.

Мындан бир нече ай мурда “Фейсбук” социалдык баракчасында күйөөсү катуу сабаган келиндин сүрөтү тарап кеткен.

Аялга моралдык колдоо көрсөткөн Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова жабырлануучу сотко кайрылып, бирок акыйкаттык таппаганын билдирди:

Дарика Асылбекова.
Дарика Асылбекова.

 

– Ушунча далил, соттук-медициналык экспертизанын бүтүмү, сүрөттөр турса дагы күйөөсүн жазалай алган жокпуз. Тескерисинче, келиндин өзүн күнөөлүү кылып коюшту. Күйөөсү анын жүрүм-туруму үчүн тарбиялаганын айтып, жазадан кутулуп кетти. Мындай окуялар бизде күн алыс болуп турат. Алардын сотко жеткендери өтө сейрек. 

“Айкын багыт” уюмунун жетекчиси, юрист Мунара Бекназарова кыргыз коомунда аял зордук-зомбулук көргөнүн оңой менен далилдей албайт деген пикирде:

– Укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин ал аял зомбулукка кабылганын медициналык текшерүүдөн өтүп, далилдеп бериши керек. “Күйөөсү зордуктады” деген сөздү укук коргоочу же тергөөчүлөр кабыл албай коюшу мүмкүн. Андай арыз жазуу биздин элге жат көрүнүш. Ажырашып жаткан аялдардын көбү күйөөсүнүн, кайын-журтунун коркутуусуна, басымына кабылат. Ошондуктан тынч ажырашып, бул азаптан чындап кутулганына сүйүнүп эле тим болушат. 

Ал эми аймактык тескөөчү Албек Муратбеков зомбулук көргөн кыз-келиндер укугун коргоону билбей турганын белгиледи:

– Мен өз ишимде күн сайын үй-бүлөдөгү чыр-чатакка күбө болом. Көбүнчө күйөөсү аялын уруп жаткан болот. Бирок, көгала болгон келиндердин баары эле күйөөсүнө каршы арыз жазбайт. Мисалы, жакында эле бир аялды күйөөсү катуу токмоктоп, колун сындырып салды. Аны арыз жазып, жолдошун жазага тартууга көндүрө албай койдук. Биздин укук чектелүү, ошол жерден эле камакка алып же алып кете албайбыз. Болгону ордер гана жазып бере алабыз.

Зомбулукка кабылган аялдар менен иштеген психиатр Ильдар Акбутин өз тажрыйбасына таянып, сотко чейин аялдар туш болгон бут тосууларды санап өттү:

Ильдар Акбутин.
Ильдар Акбутин.

– Бизде коомчулуктун пикири, сөзү өтүмдүү. Аялдар туугандарынан уялат. Кеп-сөзгө калгысы келбейт. Анткени, ага “уят эмеспи, балдарыңдын атасын же күйөөңдү соттомок белең, эл эмне дейт?” деп айтышат. Мага күн алыс күйөөсүнөн ур-токмок жеген аялдар кайрылат. Ошонун ичинен экөөнүн гана иши сотко жетти. Бирин жоопкерчиликке тартышкан. Экинчиси тергөө учурунда эле токтоп калган. Буга укук коргоочулардын аялдарга болгон мамилеси да себеп. Анткени, мындай жагдайга кабылган аялдар менен иштешүү оор. Аларга түшүнүү менен мамиле кылыш керек. Ошол эле учурда тергөөчүлөрдүн көпчүлүгү эркек. Эркек эркектин кылганын жактап, туура көрүшү ыктымал. Мен психолог катары аялды зордук-зомбулук көрсөткөн күйөөдөн батыраак кол үзүүгө чакырып кетээр элем.

Кыргызстандагы “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы эки ай мурда бир апта бою телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн.

Ага катышкан 738 адамдын 96,3 пайызы үй-бүлөлөрдө “ташбоор мамиле, зомбулук бар экенин” белгилешкен. Алар үй-бүлөдөгү зомбулукка жумушсуздук жана материалдык кыйынчылыктар, аракечтик, баңгилик, калктын билими менен маданиятынын төмөндүгү себеп болуп жатканын көрсөтүшкөн.

Сурамжылоо үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн, анын себептерин, жайылган түрлөрүн жана ага көбүнчө кимдер кабыларын изилдөө максатын көздөгөн.

Суроолорго жооп бергендердин 62,6 пайызынын пикиринде, уруп-сабоо үй-бүлөлүк зомбулуктун көбүрөөк кездешкен түрү болуп саналат.

Аталган фонддун серепчиси Гүлбарчын Жумабаева 2017-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган жаңы мыйзамдык ченемдер иштей баштаганын айтты.

Жумабаева ага ылайык маселеге коом да кайдыгер карабагандай шарттар түзүлгөнүн белгиледи:

Гүлбарчын Жумабаева.
Гүлбарчын Жумабаева.

– Мурда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аял милицияга жеке өзү арызданышы керек болсо, эми мындай арыз менен кошуналары же зомбулукка күбө болгон ар бир адам кайрылууга укуктуу. Мындай учурда милиция зомбулук көрсөтүп жаткан адамга үч күнгө ордер жазып берет, эгер кордолгон аял кааласа, ордердин мөөнөтүн 30 күнгө чейин узарта алат. 

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда акыркы алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапкан. Булардын өлүмүнө жакын адамдары – күйөөлөрү, балдары же туугандары себепкер болгон.

Айгерим Акылбекова
27-октябрь, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*