Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Бирге окуйбуз» иш-чарасы уюштурулду (сүрөт)

Нарын шаарындагы балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмеси тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн «Бирге окуйбуз» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бирикменин жетекчиси Шарапат Актанова билдирди.

Маалым болгондой, бул иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен алардын ата-энелери катышты. Ата-энелерге балдарга үйүндө кантип билим берүү керектигин үйрөнүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө жомоктор окулуп, балдар сүрөт тартып, кийизден жана кагаздан ар түрдүү буюмдарды жасоону үйрөнүштү.

«Биздин уюм 2002-жылы уюшулган. Ошондон бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Бүгүн “Бирге окуйбуз” иш-чарасын уюштурдук. Башка балдар сыяктуу эле биздин балдар дагы билимин жогорулатуусу керек деген максатта иш-чараны ишке ашырдык», – деди ал.

Аталган уюмда жалпы 103 бала каттоодо турса, алардын 30 пайызы билим алышат.

Turmush 

04.10.2018
https://www.turmush.kg/news:353176

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*