Өлкөдөгү калктын мүмкүнчүлүгү чектелген бөлүгү азыр 181 миң 400 кишини түзөт

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндөгү Конвенцияны ратификациялоого арналган иш чаралар коомдук талкуулар, тегерек столдор менен да коштолууда.  Ушул жумада эле ЖК депутаты Дастан Бекешвдин катышуусундагы жыйында мүмкүнчүлүгү чектелгендерге тиешелүү мыйзам долбоорлоруна сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланган.

Ушул теманы улантып, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова бүгүн, 20 – сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. Министр айым белгилегендей, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндөгү Конвенцияны ратификациялоо иши 2011 – жылы эле башталган. Ошондон бери аны кабыл алуу аракеттери көрүлүп, бир топ даярдык иштери жүргүзүлдү.

Социалдык жактан аярлуу категориядагы жарандардын жашоо – шартын жеңилдетүүгө колдоо көрсөтүлүш керек. Алардын билим алуусун, ишке орношуусун ыңгайлаштырып, саламаттыгына камкордукту жакшыртуу багытында жакшы иштер жүрүп жатат, – дейт министр.

Т.Исакунова белгилегендей, ушул жылдын ноябрь айында ар бир райондогу эмгекке жарамдуулукту аныктоочу медициналык комиссиялардын ишине керектүү атайын адистештирилген унаалар алынып жатат. Анда бардык жабдуулар орнотулган. Канча аралыкты басып өткөндүгү да GPS системасы аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Өлкөдөгү калктын мүмкүнчүлүгү чектелген бөлүгү азыр 181 миң 400 кишини түзөт. Бул конвенцияга кошулабыз деген 2011 – жылдагы 142 миң кишинин эсебине салыштырганда дагы 27%га  өстү. Бул автокырсыктардын, өндүрүштөгү кооптуу абалдын жана ар кандай илдеттердин өсүп жаткандыгына байланыштуу, – деди Т.Исакунова.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 20-09-2018 

http://kenesh.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*