Аутизм менен ооруган бала жарнамалык роликке тартылды

Шведдердин кийим чыгарган атактуу H&M компаниясы 11 жаштагы аутизм менен ооруган баланы жарнамалык роликке тартты. Бул тууралуу “Independent” сайты кабарлады.

Альфи Олдридж көптөн бери аутизм оорусу менен ооруп келет. Мына ошонун себебинен улам ал өз теңдүүлөр менен мамиле курганды да жакшы билбейт. Андан да өкүнүчтүүсү мектебинде уюшулган альбомдук сүрөттөрдүн түзүмүнө да катыша албай калган. Альфинин атасы баласынын абалын көрүп, ага жардам берүүнү чечет. Атасы Альфинин досторуна баласынын оорусу ага эч кандай жолтоо болбостугун көрсөтүүнү каалаган. Атасы баласынын сүрөткө тартылуусу үчүн проффессионалдык сүрөтчүлөрдү чакырат. Ошентип, Альфинин сүрөттөрүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешкен моделдик агенствого жиберет.

 

Ал жакта H&M компаниясы Альфинин сүрөтүн көрүп, аны жарнамалык роликке тартылып берүүгө чакырат. Ал жакта Альфа жаш балдардын кийимин жарнамалаган роликке тартылган.

Атасынын айтуусунда эң башында алар роликке тартылып жатканда оңой болбогондугун айтып өттү.

МЭЭРИМГҮЛ МЫРЗАКАНОВА

20-Сен. 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*