Сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү көпчүлүк учурда жакын туугандары тарабынан жасалат

Сексуалдык зордук-зомбулук көпчүлүк учурда жакын туугандары тарабынан жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Бермет Барыктабасова Бишкекте өткөн педофилия боюнча тегерек үстөлдө билдирди.

Анын айтымында, жакын адамдары тарабынан сексуалдык зомбулук көргөн учурлар көбүрөөк кездешет.

“Көпчүлүк учурда зомбулук үй-бүлөсү тарабынан болот. Мен сандарды айтуудан коркуп турам. Мамлекет мындай үй-бүлөлөргө кийлигишип, жагымсыз окуялардын алдын алуусу керек. Дарыгерлер каттаган зордук-зомбулук окуялары бир күндөн кийин эмес, онлайн режимде укук коргоо органдарына жетип турушун каалайбыз. Балдарга болгон зомбулук маселесин биз ушундай жол менен оперативдүү түрдө чече алмакпыз”, – деди Барыктабасова.

Ал педофилдерди химиялык бычуу тууралуу эскертип, бул баарынан мурда психологиялык көйгөй экенин айтты.

“Бул кылмышкер, аны диагноздун артына бекитүүнүн кереги жок. Биз педофилдерди химиялык бычуу маселесин өздөштүрүп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап чыктык. Уколдун жардамы менен педофилдин каалоосу гана төмөндөйт. Демек бул нерсе маселени чече албайт”, – деди дарыгер.

Бишкек /Кабар/

19.07.18.

http://kabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*