Педофилдерди азайтуунун айласы табыла элек

Кыргызстанда педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча кайрадан демилге көтөрүлдү. 19-июлда Бишкекте өткөн талкууда жашы жете электердин арасында зордуктоого кабылгандар көбөйүп жатканы, алардын 80 пайызга жакынын жакындары кордогону айтылды.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева, Ички иштер, Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин өкүлдөрү, айрым укук коргоочулар катышкан талкууда Кыргызстанда барган сайын балдарга жана өспүрүмдөргө карата жыныстык зомбулук күчөп баратканы айтылды.

Ички иштер министрлигинин Жашы жете электер инспекциясынын жетекчиси Марат Сапаевдин айтымында, быйыл жыл башынан бери эле балдарды зордуктоо боюнча катталган кылмыштардын саны 70тен ашып кетти. Өткөн жылдын ушул мезгилинде мындай кылмыштар 60тын тегерегинде болгон. Балдардын 80 пайызга чукулу жакындарынан кордук көрсө, кылмышка баргандардын 43 пайызы жабырлануучу менен бир үйдө чогуу жашагандар болуп чыккан:

– Мындай кылмыштардын көбү жакын туугандары тарабынан жасалат. Биологиялык аталары, өгөй аталары, туугандары ушундай кадамга барган учурлары бар. Коңшулары, тааныштары жана башкалар. 80 пайызга жакын бөлүгү – жакын туугандары, 20 пайыздан ашыгы гана башка адамдар. Мындай кылмыштар жабык мүнөздө. Кылмыш үй-бүлө ичинде болгондуктан, укук коргоо органдары аларды ачышы татаал. Укук коргоо органдары ата-энелерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Марат Сапаевдин айтымында, жеткинчектердин оор тагдырга кабылышына коомчулуктун кайдыгер мамилеси да түрткү берип жатат. Көп учурда кордолгон балдар тууралуу коңшу-колоңдору же жакындары билсе деле үн катпай жүрө беришет.

Кыргызстанда өткөн жумада эле секелектердин зордукталганы тууралуу бири нече маалымат тарап, бул маселе кайрадан коомдун назарына түштү. Парламент депутаты Айнуру Алтыбаева педофилдердин көбөйүшүн алардын тиешелүү деңгээлде жазаланбай жатышынан көрөт. Эл өкүлү коомдогу терс көрүнүштү азайтыш үчүн педофилдерди өлүм жазага тартууну колдойт. Бирок аны азыркыдай сот системасы менен ишке ашыруу мүмкүн эмес деп эсептейт:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

– Биринчи иретте сот, укук коргоо тармагын реформалагандан кийин бул маселеге кайтсак болот. Өзүңөр жакшы билесиңер, айрым учурда сот чечимдери субъективдүү болуп, адилет болбой калып жатат. Ошондуктан өлүм жазасын ушул маселелер чечилгенден кийин талкууласа болот. Мен өзүм педофилдерди өлүм жазасына тартууну колдойм. Бирок сот органы реформа болгондон кийин болушун кубаттайм. Азыр бул маселе маанилүү.

Кыргызстанда педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча буга чейин да демилге көтөрүлгөн. 2016-жылы бир катар коомдук уюмдар Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясына өлүм жазасын колдогон 11 миңден ашык кишинин колу коюлган петицияны тапшырган. Ал кезде коомчулукта “жазалоонун бул түрү ар кандай кызыкчылыкта колдонулуп кетиши мүмкүн” деп кооптонгон пикирлер айтылган. Кыргызстанда азыр өлүм жазасы жок.

Педофилдерди бычуу натыйжа бербейт

Өлкөдө педофилдерди химиялык кастрациялоо тууралуу да талкуулар жүрүп келет. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Бермет Барктабасова жазанын бул түрү натыйжа бербейт деген ойдо:

– Изилдөөлөр менен байкоолордо белгилүү болгондой, педофилдерди химиялык жол менен кастрациялоо алардын аң-сезимине таасир этпейт. Андыктан кылмышкерлерге түшүндүрүү жүргүзүп, алар менен сүйлөшүү керек. Ошондо гана жакшы жыйынтык болот. Педофилия – парапсихологиялык жактан жабыркоо. Педофилдер өздөрү бала кезинде ошондой нерсени баштан кечирген болушу мүмкүн.

2013-жылы педофилдерди химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, президент аны четке каккан.

Ошентип, коомдо педофилдердин көбөйүшүнүн себептери тынымсыз талкууланганы менен мындай көрүнүш азайган жери жок. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин адиси Бакыт Тодогелдиев көбүнчө ата-энесинин кароосу жок калган балдар зордук-зомбулукка кабылып жатканын айтып, үй-бүлөсүн аманатка таштап башка жактарга чыгып жаткандарды социалдык кызматкерлердин кеңешин алууга чакырды:

 Ата-энеси баланы калтырып кете турган учурда мыйзамга ылайык өзүнчө жобо бар. Ошонун негизинде балдарын туугандарына, жакындарына же коңшусуна болобу, калтырып кетүүнү каалагандар тиешелүү документтерди топтошу керек. Документ топтогонго чейин деле жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыгына барып, балдарын таштап кете турганын билдирип, кеп-кеңеш алса болот. Социалдык кызматкерлер аларга толук түшүндүрмө берип, документтердин тизмесин беришет. Ошолорду алып келсе баланы калтырып кетип жаткан кишиге сот аркылуу чечим чыгарып берет. Айта кетчү нерсе – чечимден мурун бул үй-бүлөнүн ата-энеси убактылуу калтырган баланы бакканга мүмкүнчүлүгү бар-жогу аныкталат. Ошону баланы алып калып жаткан тарап да ойлонушу керек. Сот баланы калтырган тараптын, аны бага турган тараптын мүмкүнчүлүгүн карагандан кийин гана чечим чыгарат. Андан кийин баланы убактылуу баккан тарап ал үчүн керт башы менен жооптуу болуп калат. Анткени сот энелик укукту убактылуу ошого өткөрүп берет да.

Ал эми Бишкек шаарындагы Психотерапиялык жардам борборунун жетекчиси Кеңешбек Үсөнов тагдыры талкаланган балдар үй-бүлөлүк тарбиянын жоктугунун курмандыгы болуп жатканын айтты:

– Демократия болгондон кийин азыр мурдагы доорго салыштырмалуу баарын ачык айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул маселе мурда деле болгон. Бирок мындай деңгээлде айтылып, талкуулана элек болчу. Эл канчалык көп маалымат алган сайын, ошончо көп кайрыла баштайт. Бул да ушундай учурлардын көп экенин тастыктап атат да. Кептин баары адамды кичинесинен тарбиялоодо. Анда кичинесинен зомбулук жасоо тууралуу эч кандай ой да болбошу керек. Мисалы, балага “кыздарды урба, кол көтөрбө” дегенди мээге сиңирип, тарбия берсе ал кийин картайганда да эч качан кол көтөрбөйт. Себеби, анын адеп-ахлагы ага жол бербейт. Азыр баары эртеден кечке жумуш менен алек. Эптеп акча таап, үй-бүлөнү багыш керек. Анысы туура, түшүнсө болот. Бирок ошол эле маалда биз көп нерсени, балдарды, үй-бүлөнү жоготуп атабыз. Үй-бүлө бекем болсо мамлекет бекем болот да.

Учурда Кылмыш кодексинин 129-130-беренелерине ылайык, балага жыныстык ыдык көрсөткөндөр 20 жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилет.

Нуржан Токтоназарова
20-июль, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*