Баткен шаарынын мэриясы ЮНИСЕФке майып балдарга көмөк көрсөтүүнү сунуштады

Кечээ, 10-июлда Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, жолугушууга облустун жетекчилиги, билим берүү тармагындагы адистер катышты. Анда балдар бакчасы, билим берүү тармагынын сапатын жогорулатуу, шаарга балдар аянтчаларын куруу жана башка бир катар маселелер талкууланды. Шаар мэри Мамыр Рахимов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине, дарыгерге, тарбиячыларга балдардын ден соолугуна кам көрүү, аң-сезимин өстүрүү боюнча атайын окутууларды уюштуруу, бул багытта окуу китептерин берүү жана «Нур» балдарды калыптандыруу борборуна жаңы имарат курууну сунуштады. Анткени 26 бала тарбияланып жаткан азыркы имарат тардык кылууда.

Юкиэ Мокуо айым аталган сунуштар эске алына тургандыгын белгиледи.

Turmush 

11.07.2018

http://www.turmush.kg/news:348764/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*