Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкаралыгы алдында ачылган борбордо жергиликтүү тургундарга ар кандай маселелер боюнча акысыз юридикалык кеңештер берилет.
Борбордун ачылышына облустук юстиция башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук администрациянын жетекчилиги жана борборду ачууга көмөктөшкөн эл аралык уюмдун адистери катышты.
Мындай борборлор ар бир райондо ачылууда.
Turmush
22.06.2018
http://www.turmush.kg/news:347789/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply