Фото — Ак-суулук жубайлар өз уулуна кошуп тубаса майып 5 адамды багып жатышат

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында жашаган Асановдордун кайрымдуулугу тууралуу айылдаштарынан сырткары билгендер аз болсо керек. Бакытты балдардан таптык деген жубайлар тубаса майып балдарга өз ата-энесиндей мээрим төгүүгө аракет кылып, үйүнө алып келишкен.

Кожойке Айгүл Такырбашева аймактык кабарчыга билдиргендей, ал 2015-жылы «Келечекке жаңы жол» коомдук фондун негиздеген. Андан кийин жолдошу Жалил Асанов экөө алгач «Манас» социалдык айылынан жана балдар үйлөрүнөн 8 баланы өз карамагына алып, ар түрдүү себептер менен алардын ичинен 3 бала башка мекемелерге кетишти. Акыркы 3 жылдан бери 5 баланы асырап келишет.

Андагы кыргыз, орус, өзбек улутундагы балдар үй ээлерин ата, апа дешип, бир үй-бүлөнүн балдарындай калыптанган. Өзгөчө камкордукка муктаж балдар тубаса майыптыгы боюнча мамлекеттен айына 2,5 миң сом өлчөмүндө гана жардам алышат. Ал эми айыл өкмөт жылына бир жолу отун берет. Айтпаса да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыгы арбын.

«Биз өзүнчө бөлүнүп калган мамлекет сыяктуубуз. Балдарыбыз камкордукка, патриоттук сезимге, колдоого муктаж. Өз күнүбүздү өзүбүз улап, турмуш курап келе жатабыз. Быйыл 15 гектар жер алууга мүмкүнчүлүк болду. Эми аны иштетүүгө техника, күйүүчү май керек экен. Мен болсо эч жерден айлык маяна албайм», – дейт Айгүл айым.

Бул үй-бүлөдөгү балдардын өздөрүнө таандык жумуштары да бар. Үй ээси Жалил Асановго ар кимиси жашына, жөндөмдүүлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берип турушат. Алардын бири уй сааса, экинчиси айран уютуп, сүт тартат.

Учурда бул үй-бүлөнүн короосунда тооктор, 10дон ашуун койлор жана сүт багытындагы 5 баш уй бар. Аларды балдарынын жардамы менен багышып, айылды аралап жумуртка, айран, сүт сатуу милдети Жалил Асановго жүктөлгөн.

Turmush 

16.06.2018 

http://www.turmush.kg/news:347452

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*