Аутизм боюнча америкалык адис Бишкекте семинар өтүп жатат

АКШдан келген адис Елена Геонис Бишкекте аутизм боюнча семинар өтүп жатат. Ал аутист баласы бар ата-энелерге жана адистерге билгендерин үйрөтүүдө.

7-июнда башталган семинарлардын алгачкысы “Оберег” реабилитациялык борборунда болду. Андан соң Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык институтта окутуучулар менен адистерге лекция өткөрүлдү.

9-10-июнь күндөрү Геонис Бишкектеги ата-энелер менен жолугуп, аларга аутист балдардын кулк-мүнөзүнө байланыштуу тренинг өттү.

Кыргызстанда аутизм менен жабыркагандардын расмий эсеби жок. Бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча, миңге чукул бала ушундай илдет менен каттоодо турат. Расмий клиникалык аныктоо тартиби жок болгондуктан аутизм менен жабыркагандар психикалык майыптардын тобуна кирет.

Аутизм боюнча америкалык адис Бишкекте семинар өтүп жатат

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*