Нарын шаарындагы реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жайлоого эс алууга чыгып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.
Алардын айтымына караганда, 2002-жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүп келе жаткан реабилитациялык борбор жыл сайын ушул мезгилде тарбиялануучуларды эс алууга алып чыгууга аракеттерин көрүшөт. Бул жолу балдар Нарындагы ишкерлердин колдоосу менен Аалам-Шайык деген жерге эс алууга чыгып келишти.
«Эс алууга балдар ата-энелери болуп жалпы кырктан ашуун адам барышты. Алар үчүн дасторкон жайылып, жаратылышка аяр мамиле жасоо боюнча сүрөт сынагы жана спорттук оюндар уюштурулду. Мындан тышкары ата-энелердин кант диабети текшерилди», – деди аталган борбордун директору Шарапат Актанова.
Борбордо жалпы 103 бала каттоодо, алардын 30 пайызы мектепке барышат.
«Балдар кол өнөрчүлүк кылышат, сүрөт тартышат. Бүгүнкү күндө 12 бала тандалып алынган. Алар тайпаларга бөлүнүп, билим алып жатышат», – деди Ш.Актанова.
Turmush
06.06.2018
Leave a Reply