Аялдарга карата зомбулук токтойбу?

Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрүнө катуу тыюу салуу керек.  Кечээ, 4-июнда Кыргызстандын аялдар уюмдарынын өкүлдөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу президентке, спикерге жана өкмөт башчыга талаптар менен кайрылды. Алар бийлик өкүлдөрүнөн аялдар уюмдарынын катышуусу менен тезинен жыйын өткөрүүнү, Бурулай Турдаалы кызынын өлтүрүлүшү боюнча объективдүү ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылууну жана бардык күнөөлүүлөрдү акыйкат жазалоону талап кылышты. Укук коргоочулар мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу мындай көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча конкреттүү аракеттердин планы жоктугун айтып, аны тезинен аныктоо зарыл экенин билдиришти. Иш-чарага кризистик борборлордун адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар катышты. Жыйын учурунда Кыргызстанда никеге тургандардын 20 пайызы кыз уурдоо жолу менен ишке ашырылары, үй-бүлөлүк зомбулуктун үлүшү алты пайызды түзөрү айтылды.

NewTV АЙСАРА ТЫНАЛЫ КЫЗЫ

05.06.2018

https://newtv.kg/ayaldarga-karata-zombuluk-toktojbu/

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*